Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

27.05.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жыл 14-майындагы № 137

Бишкек шаардык кеңешинин Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 31-майындагы №67 Муниципалдык турак жай фонду, аны берүү тартиби жана муниципалдык турак жай фондунун турак жайы үчүн акы өлчөмүн жана акы түзүмүн аныктоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 31-майындагы №67 токтому менен бекитилген “Муниципалдык турак жай фонду, аны берүү тартиби жана муниципалдык турак жай фондунун турак жайы үчүн акы өлчөмүн жана акы түзүмүн аныктоо жөнүндө” жобого төмөнкү толуктоолор киргизилсин:

а) төмөнкү мазмундагы 34¹–пункт менен толукталсын:

“34¹. Ушул жобо күчүнө киргенге чейин берилген кызматтык жай муниципалдык турак жай фондунун көрсөтүүсү боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде киргизилген ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен кызматтык турак жайдын ичинен төмөнкү учурларда чыгарылышы мүмкүн:

спорт чөйрөсүндөгү жетишкендиктер үчүн кызматтык турак жай катары муниципалдык турак жай фондунун турак жайын алган жактар жашаган учурда;

расмий жазуу жүзүндөгү күбөлүк (сертификат) боюнча кызматтык турак жай катары муниципалдык турак жай фондунун турак жайын алган жактар жашаган учурда.”;

 

б) төмөнкү мазмундагы 41¹–пункт менен толукталсын:

“41¹. Кызматтык турак жайда жашаган жана 34¹-пунктта көрсөтүлгөн категорияга тиешеси бар кызматтык жактын ичинен турак жайды алып салуу үчүн ыйгарым укуктуу органга  бул жактын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигинде башка  турак жайынын жоктугун, ошондой эле  акыркы беш жыл ичинде бул жак жана анын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан кыймылсыз мүлктү ажыратуу боюнча бүтүмдөрдүн жоктугун тастыктоочу документтерин тиркөө менен тийиштүү арыз берилет.”.

 

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

 

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына   жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы                                                                                                        К. Конгантиев