Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

17.05.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2024-жыл 14-май № 129

Бишкек шаарынын административдик чек арасы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 12-, 13-беренелерине,  “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-, 16-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы      № 24 “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр жактырылсын:

№ 1 тиркемеге ылайык, мамлекеттик тилдеги Бишкек шаарынын административдик чек арасынын схемалык картасы;

№ 2 тиркемеге ылайык, мамлекеттик  жана расмий тилдердеги Бишкек шаарынын административдик чек  арасынын баяндоосу.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

3. Бишкек шаардык кеңешинин аппараты ушул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы                                                                                К. Конгантиев