Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

16.05.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2024-жыл 14-май № 131

“Ала-Арча” соода-оюн-зоок борборундагы муниципалдык 

турак эмес жайды  мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү жолу менен ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

 

Азыркы турган кыймылсыз мүлк объекттерди натыйжалуу  пайдалануу максатында, “Мүлккө муниципалдык  менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-, 11-, 19-беренелерине,  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-, 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспекти, 299 “В” дарегиндеги “Ала-Арча” соода-оюн-зоок борборунун үчүнчү кабатынын түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан жалпы аянты 2000,0 чарчы метр, идентификациялык коду: 1-01-14-0060-2835-01 муниципалдык   турак эмес жайды мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү жолу менен ажыратууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына   жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.      

 

Төрага                                                                                       К. Конгантиев