Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

08.05.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жыл 25-апрель № 127

Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 101 «Бишкек шаарынын мэриясы менен Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну жактыруу тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 101 «Бишкек шаарынын мэриясы менен Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну жактыруу тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) токтомдун аталышында «макулдашууну» деген сөз «макулдашуунун долбоорун» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 1-пунктта «тиркелүүчү макулдашуу» деген сөздөр «тиркелүүчү макулдашуунун долбоору» деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) төмөнкүдөй мазмундагы 1¹-пункт менен толукталсын:

«1¹..Бишкек шаарынын мэрине принципиалдуу эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен тиркелүүчү макулдашуунун долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.»;

4)  жогоруда аталган токтом менен жактырылган Бишкек шаарынын мэриясынын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы макулдашууда:

а) 1.1.-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин иштөө шарттарын жакшыртуу, ошондой эле материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында, өз ара пайдалуу кызматташууну эске алуу менен, Бишкек шаарынын мэриясы жергиликтүү бюджеттен Бишкек шаарынын ИИББсынын муктаждыктары үчүн материалдык-техникалык жабдууларды сатып алууга жана ремонт иштерине каражаттарды карайт.”.

б) бардык  текст боюнча «2023» деген цифралар «2024» деген цифраларга алмаштырылсын;

в)  5.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«5.1. Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 3 (үч) жылдын ичинде колдонулат.».

2. Ушул токтом белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жɵнɵтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                                К. Конгантиев