Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

30.04.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2024-жыл 25-апрель № 123

Автобекет уюштуруу үчүн мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

Эл аралык жана шаар аралык каттамдардын жүргүнчүлөрүн тейлөө сапатын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик менчикте турган төмөнкү автобекеттерди уюштуруу үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин:

Чүй облусу, Аламүдүн району, Ленинское айылы, Алма-Ата көчөсү, 1/1 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 7-01-10-0010-0206-01, аянты 3287,08 чарчы метр кампа жайлары бар административдик имарат жана идентификациялык коду 7-01-10-0010-0206, аянты 0,925 га жанаша жайгашкан жер участогу;

Чүй облусу, Аламүдүн району, Ленинское айылы, Алма-Ата көчөсү, 1/1 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 7-01-10-0010-0246, аянты 2,751 га жер участогу;

Чүй облусу, Аламүдүн району, Ленинское айылы, Алма-Ата көчөсү, 1/1 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 7-01-10-0010-0285, аянты 1,643341 га жер участогу.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн жана жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын кароосуна киргизсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы                                                                              К. Конгантиев