Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

30.04.2024-ж. жарыяланды

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2024-жыл 25-апрель № 121

Долон Өмүрзаков атындагы стадиондун чакан спорттук аренасынын жайын жана спорт аянтчасын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

Долон Өмүрзаков атындагы стадиондун чакан спорттук аренасын сактоо жана андан ары натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-, 39-беренелерине ылайык Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 17/7 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду: 1-02-04-0060-0293, аянты 0,4428 га жер участогу менен турак эмес жайын жана идентификациялык коду: 1-02-04-0060-0292, аянты 0,187 га жер участогун Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине акысыз кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн жана жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын кароосуна киргизсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.

Төрага                                                                                  К. Конгантиев