Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

30.04.2024-ж. жарыяланды

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2024-жыл 25-апрель № 119

Мамлекеттик менчиктин объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринин балдарын жана өспүрүмдөрүн зарыл болгон спорттук инфраструктура менен камсыздоо, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”  мыйзамынын 6-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мурда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Эмгек резерви” республикалык дене тарбия жана спорт борборунун пайдалануусунда турган жер участокторду (идентификациялык коддору 1-03-03-0024-0732; 1-03-03-0024-0733; 1-03-03-0024-0734; 1-03-03-0024-0735; 1-03-03-0024-0736) имараттары жана курулмалары менен Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине акысыз кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн жана жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын кароосуна киргизсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Төрага                                                                                     К. Конгантиев