Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

19.01.2024-ж. жарыяланды

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИ
ТОКТОМУ

2023-жыл 27-декабрь № 108

Бишкек шаарындагы гүлбакчага “Кыргыз Республикасынын Эл артисти Төлөгөн Томотоев атындагы гүлбакча” аталышын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2022-жылдын 16-мартындагы № 09-3/1318 өтүнүч катын, 2022-жылдын 2-июнундагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарындагы  “Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу маселелерин кароо жөнүндө” кеңешмесинин № 18-2137 протоколун, Бишкек шаарында топонимика жана элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын жыйынынын   2022-жылдын 12-октябрындагы № 4 протоколун эске алуу менен,   шаардыктардын жана борбордун меймандарынын эс алуусун уюштуруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген чиймеге ылайык, Бишкек шаарындагы Анарбек Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан гүлбакчага “Кыргыз Республикасынын Эл артисти Төлөгөн Томотоев атындагы гүлбакча” аталышы ыйгарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалы, “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы эсепке алуу, инвентаризациялоо маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:

үч айлык мөөнөттө  тиркелген чиймеде белгиленген жер участокту бөлүүнүн жана аны  Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кайтаруунун мыйзамдуулугу маселени карап чыксын;

жасалган иштин жыйынытыгы боюнча,  тийиштүү Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоорун киргизсин.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                         К. Конгантиев