Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2023-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана

2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34 жана 39-беренелерин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2023-жылга Бишкек шаарынын бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 22 869 559,1 миң сом суммасында бекитилсин, анын ичинде:

-11  614 815,3 миң сом - шаардык бюджет;

- 3 046 841,5 миң сом - Ленин администрациялык районунун бюджети;

- 2 608 143,8 миң сом - Октябрь администрациялык районунун бюджети;

- 2 985 862,6 миң сом - Биринчи май администрациялык районунун бюджети;

- 2 613 895,9 миң сом - Свердлов администрациялык районунун бюджети.

2. 2024-2025-жылдарга Бишкек шаарынын бюджетинин негизги параметрлеринин төмөндөгүдөй болжолу жактырылсын:

2024-жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча - 15 535 350,1 миң сом суммада, 2025-жылга – 16 063 275,4 миң сом суммада.

2024-2025-жылдарга жактырылган шаардын бюджетинин болжолдуу параметрлери ар бир конкреттүү мезгилде аларды кабыл алууда тактоого жатат.

3. 2023-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү жана 2024-2025-жылдарга болжолу ушул токтомдун 1, 1¹, 1²,                                 1³-тиркемелерине ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.

4. Төмөндөгүлөр белгиленсин:

1) 2023-жылга Бишкек шаарынын бюджетинен чыгашаларды жана 2024-2025-жылдарга болжолду каржылоого каражаттар ушул токтомдун          2 жана 2¹-тиркемелерине ылайык карала тургандыгы;

2) 2023-жылга карата чыгашаларды каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы. Мында, биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча чыгашаларды (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төгүмдөр, медикаменттер, тамактануу, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпул, стипендиялар) каржылоо жүргүзүлөт.

Бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлгөндүгүнө, алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынуусуна байланыштуу корголгон статьяларга каралган суммаларды азаюусуна жол берилет.

Каражаттарды чыгымдоо жана чыгаша статьяларын максаттуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт;

3) 2022-жылы жеткиликтүү каржыланбай калган чыгашалар           2023-жылга Бишкек шаарынын бюджетинде каралган ассигнованиелердин эсебинен жана чектеринде компенсациялана тургандыгы.

5. 2023-жылдын 1-январына карата Бишкек шаары боюнча жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча 10 000,0 миң сом суммасында, анын ичинде шаардык бюджет боюнча - 6 000,0 миң сом жана райондук бюджет боюнча - 1 000,0 миң сомдон бекитилсин.

6. 2023-жылга түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн төмөндөгүдөй ченемдери бекитилсин:

1) салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы боюнча, патенттин негизиндеги салык, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө салык, жер салыгы, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча:

- Ленин администрациялык районуна– 86,0 %;

- Октябрь администрациялык районуна– 67,5 %;

- Биринчи май администрациялык районуна–52,6%;

- Свердлов администрациялык районуна– 80,1 %;

2) роялти боюнча- 50,0% администрациялык райондорго;

3) чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму боюнча – 100% администрациялык райондорго;

4) башка төлөмдөр, салыктар жана жыйымдар, калктуу конуштардагы жерлерди ижаралоо үчүн акы төлөө жана мүлк ижарасы үчүн акы төлөө боюнча, мамлекеттин пайдасына чегерилген кирешелер боюнча, алкоголдук продукцияны сатууга лицензия алган субъекттерден этиль спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иш жүргүзгөндүгү үчүн жыйым, Бишкек шаарынын ЭЭАсынан салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр боюнча – 100% шаардык бюджетке;

5) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык салынуучу айып пулдар боюнча - 100% тийиштүү администрациялык райондордун бюджетине.

7. Бюджеттик уюмдарга жана мекемелерге атайын каражаттарды казыначылык тутумунан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 100% тиешелүү бюджеттин кирешесине алынат.

8. Бюджеттик мекемелер жана муниципалдык ишканалар тарабынан максаттуу дайындалышы боюнча пайдаланылбаган Бишкек шаарынын бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алууга жатат.

9. Ушул токтом менен бекитилген бюджеттик параметрлердин өзгөрүүлөрү зарыл болгондо, ага тиешелүү оңдоолорду кабыл алганга чейин Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясы менен макулдашуу боюнча аткарылышы мүмкүн.

10. 2023-жылга Бишкек шаарынын бюджетинен каржылануучу мекемелер үчүн төмөндөгүлөр белгиленсин:

1) жалпы билим берүү мектептеринин чарба башчыларынын эмгек акыларына окуучулардын санына жараша 1 штаттык бирдик эсебинде 2800 сомго чейинки ай сайын үстөк акы (100 окуучуга чейин – 450 сом, 100дөн 600гө чейин – 1000 сом, 600дөн 1200гө чейин – 1600 сом, 1200дөн 1800гө чейин – 2200 сом, 1800дөн жогору – 2800 сом);

2) балдар музыкалык мектептеринин жаш адистеринин эмгек акыларына 1 кызматкерге ай сайын 500 сом эсебинде үстөк акы;

3) карылар үйүнүн, Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунун, «Коломто» муниципалдык мекемесинин жана «Ардагер» Бишкек шаарынын геронтологиялык борборунун, Зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борборунун, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментине караштуу «Социалдык жатакана» муниципалдык мекемесинин, «Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балалуу аялдарга жардам борбору» муниципалдык мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акысына 1 кызматкерге ай сайын 1650 сом эсебинде үстөк акы;

4) Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин социалдык кызматкерлеринин айлык акысына 1 кызматкерге ай сайын 4000 сом эсебинде үстөк акы;

5) Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын үйлөмө аспап, симфониялык оркестрлеринин, элдик аспаптар оркестринин, «Семетей», «Доор», «Сувенир» ансамблдеринин, «Кыргыз Руху» фольклордук ансамблинин, «Акак» комузчулар ансамблинин кызматкерлеринин, китепканачыларынын, музей кызматкерлеринин жана маданият үйлөрүнүн кызматкерлеринин, Ленин администрациялык районунун Чоң-Арык айылы муниципалдык аймактык башкармалыгынын тарых музейинин кызматкерлеринин, Бишкек шаардык драмалык театрынын негизги жана инженердик-техникалык персоналынын эмгек акысына 1 кызматкерге ай сайын 5000 сом эсебинде үстөк акы;

6) материалдарды сактоо кызматынын кызматкерлеринин эмгек акыларына ай сайын 2000 сомдон үстөк акы;

7) райондук аскер комиссариаттарынын кенже тейлөөчү, техникалык жана аскердик-учёттук персоналдарынын эмгек акыларына 1 кызматкерге ай сайын 500 сом эсебинде үстөк акы;

8) билим берүү, социалдык коргоо, маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштер боюнча уюмдардын башка кызматкерлеринин эмгек акыларына 1 кызматкерге ай сайын 1000 сом эсебинде үстөк акы;

9) саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларына ай сайын төмөндөгүдөй үстөк акы:

- дарыгерлерге, орто жана башка персоналга бир ставкага 1000 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 1000 сомдон көп эмес;

- кенже медициналык персоналга бир ставкага 1500 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 1500 сомдон көп эмес;

- Бишкек шаарынын тез медицина борборунун сутка бою иштеген оперативдүү бөлүмүнүн кызматкерлерине, чакырууга чыгуу бригадасынын фельдшерлерине жана санитарларына бир ставкага 2500 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 2500 сомдон көп эмес;

- тез кечиктирилгис жардам көрсөтүү кызматынын дарыгерлерине жана дарыгер-педиатрларына, дарыгер-неонатологдорго, дарыгер-реаниматологдорго, дарыгер-анестезиологдорго, дарыгер-комбустиологдорго бир ставкага 4000 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 4000 сомдон көп эмес;

- Бишкек шаарынын биринчи медициналык-санитардык жардам кызматынын калкты аралаш кабыл алууну жүргүзгөн үй-бүлөлүк дарыгерлерине бир ставкага 2000 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 2000 сомдон көп эмес;

10) Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын медициналык-педагогикалык комиссиясынын усулчуларынын эмгек акыларына 1 кызматкерге 1500 сом эсебинде ай сайын үстөк акы;

11) шашылыш медицина автомашиналарынын айдоочуларынын эмгек акыларына бир ставкага 2000 сом эсебинде үстөк акы, бирок 1 кызматкерге ай сайын 2000 сомдон көп эмес;

12) Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын, Бишкек шаардык кеңешинин, администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин, Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин муниципалдык кызматкерлеринин кызматтык маянасына жергиликтүү бюджеттен 100% өлчөмдө ай сайын үстөк акы;

 13) Бишкек шаарынын мэриясынын ведомство алдындагы жана аймактык бөлүмдөрүнүн муниципалдык кызматкерлеринин кызматтык маянасына жергиликтүү бюджеттен 50% өлчөмүндө ай сайын үстөк акы;

14)  Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын, Бишкек шаардык кеңешинин, администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин, Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин тейлөө менен алектенген кенже тейлөөчү жана техникалык персоналынын кызматкерлерине кызматтык маянасына жергиликтүү бюджеттен 100% өлчөмдө ай сайын дем берүүчү төлөмдөр;

15) Бишкек шаарынын мэриясынын ведомство алдындагы жана аймактык бөлүмдөрүн тейлөө менен алектенген кенже тейлөөчү жана техникалык персоналынын кызматкерлерине, ошондой эле,   Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын жана райондук билим берүү борборлорунун борборлоштурулган бухгалтерияларынын кызматкерлерине кызматтык маянасына жергиликтүү бюджеттен 50% өлчөмдө ай сайын дем берүүчү төлөмдөр.

11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кенже тейлөөчү жана техникалык персоналы, Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын, райондук билим берүү борборлорунун борборлоштурулган бухгалтерияларынын кызматкерлери үчүн өргүүлөрдү, жөлөкпулдарды эсептөөдө эске алынбаган жана иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн төлөнүүчү (иш сапар, өргүү күндөрү, убактылуу эмгекке жарамсыздык күндөрү, дем алыш күндөрүндө иштеген күндөр алып салынат) төмөнкүдөй компенсациялык суммалар белгиленсин:

1) кызматтык же кезметтик автомобиль бекитилип берилген тейлөөчү персоналдан тышкары, транспорттук чыгымдар үчүн айына 2000 сом өлчөмүндө;

2) тамактануу үчүн айына 5000 сом өлчөмүндө.

12. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен күнүнө тамактанууга төмөндөгү ченемдер белгиленсин:

1) мектепке чейинки билим берүү уюмдарында:

- 3 жашка чейинки курактагы балдар үчүн - 50 сом;

- 3төн 7 жашка чейинки курактагы балдар үчүн - 60 сом;

2) акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарында - 120 сом, балдар сутка бою болгон топтордо - 120 сом;

3) кургак учук менен ооруган балдар үчүн бала бакчада - 150 сом;

4) жалпы билим берүү уюмдарындагы жетим балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 5-7-класстагы балдары үчүн - 22 сом;

5) жалпы билим берүү уюмдарындагы 1-4-класстардын балдары үчүн - 22 сом;

6) жалпы билим берүү уюмдарындагы акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн - 36 сом;

7) Балдарды социалдык адаптациялоо борборунда, «Айданек» жашы жете элек балдарды реинтеграциялоо борборунда жана Октябрь районунун № 71 орто мектеп-интернатындагы интернаттык топтордо жана № 1 гимназия - интернатында - 220 сом;

8) ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунда - 120 сом;

9) жатып калган оорулуулардын ысык тамагына - 120 сом;

10) «Ардагер» Бишкек шаарынын геронтологиялык борборунда –    200 сом;

11) «Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балалуу аялдарга жардам борбору» муниципалдык мекемесинде - 70 сом, 1-майдан тартып -200 сом;

12) белгилүү жашаган орду жок адамдарды тамактандырууга - 70 сом;

13) мектеп алдындагы лагерлердеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын тамактандырууга - 44 сом.

13. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен күнүнө медикаменттерге төмөнкү ченемдер белгиленсин:

1) балдарды социалдык адаптациялоо борборунда, «Айданек» жашы жете элек балдарды реинтеграциялоо борборунда - 12,80 сомго чейин;

2) ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунда - 5,00 сомго чейин;

3) «Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балалуу аялдарга жардам борбору» муниципалдык мекемесинде, «Ардагер» Бишкек шаарынын геронтологиялык борборунда - 12,50 сом;

4) белгилүү жашаган орду жок адамдар үчүн - 12,50 сомго чейин.

14. 2023-жылга төмөнкү чыгашалар бекитилсин:

1) жалпы билим берүү уюмдарында аскерге чакырууга чейин даярдык боюнча жетекчинин бирден ставкасын күтүүгө;

2) Бишкек шаарынын экстрендик медицина борборунун «Медициналык кызматкердин депозити» Программасын ишке ашырууга 40 штаттык бирдикке бир дарыгерге айына 6000 сом эсебинде жана үч жыл иштеп бүткөндүгү боюнча бир орто медициналык кызматкерге ай сайын                        5000 сом;

3) Бишкек шаарынын конуштарында жана Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында балдарды дарылоо-алдын ала жардам көрсөтүүчү дарыгерлери үчүн «Бишкек шаарынын дарыгер-педиатрынын депозити» Программасын ишке ашырууга үч жыл иштеп бүткөндүгү боюнча бир дарыгерге айына 5000 сом эсебинде;

4) «Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балалуу аялдарга жардам борбору» муниципалдык мекемесин күтүүгө;

5) «Ардагер» Бишкек шаарынын геронтологиялык борборунун 70,0 штаттык бирдигин күтүүгө;

6) Ленин, Октябрь райондорунун 2 кечки жалпы билим берүү мектебин жана Свердлов районунун № 35 жана № 94 жалпы билим берүүчү мектептеринин алдындагы кечки класстарды күтүүгө;

7) «Бишкек шаарынын SOS – Герман Гмайнер окуу-тарбиялоо комплекси» мекемесинин, Бишкек шаарынын балдар айылынын SOS – бала бакчасынын чыгашаларын төлөөгө;

8) «Сезим» кризистик борборунун, «Оберег» реабилитациялык борборунун, «Рука в руке» аутист балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесинин коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн чыгашаларын төлөөгө;

9) Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлер жана оорук эмгекчилеринин Бишкек шаардык жана райондук кеңештеринин чыгашаларын төлөөгө;

10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 336 «Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» токтому менен бекитилген билим берүү уюмдарынын типтүү штаттары менен каралбаган, ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык 634,25 штаттык бирдик санында кызмат орундарын күтүүгө;

11) Бишкек шаарын жана жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүгө, ошондой эле шаардык жана аймактык маанидеги объекттерди (социалдык, коомдук, коммуналдык жана инженердик инфратүзүмдөр, тургундардын жалпы үлүштүк менчиктерин) түзүүгө, өнүктүрүүгө, калыбына келтирүүгө жана реабилитациялоого жана жергиликтүү коомчулуктун өз алдынча башкаруусунун ар түрдүү формаларын өнүктүрүүгө, алардын коомдук активдүүлүгүн жогорулатууга жана коммуналдык жана башка жашоо тиричилик маселелерин өз алдынча чечүү жөндөмүн түзүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды берүүгө;

12) «Кут» конушунун балдарын Чүй областынын Сокулук районунун Манас конушундагы Атбашы орто мектебине ташууну уюштурууга;

13) Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринде «Жаш мугалим депозити» программасын ишке ашырууга;

14) Октябрь районунун № 34 адистештирилген көмөкчү мектебиндеги акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн узартылган күн топторуна тарбиячылардын 5,0 ставкасын күтүүгө;

15) карыздарды жоюуга жана милдеттенмелерди аткарууга шаардык бюджеттен администрациялык райондорго өткөрүп берилүүчү каражаттар боюнча;

16) балансында кезметтик (кызматтык) автомашиналары жок муниципалдык аймактык башкармалыктар үчүн айына 100 литрден бензин сатып алууга;

17) райондордун муниципалдык аймактык башкармалыктарынын балансында турган жүк ташуучу автомашиналардын айдоочуларын күтүүгө;

18) мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыктарынын (мындан ары-МСКБ) начальниктеринин орун басарларын, райондук МСКБнын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча бөлүмдөрүнүн 60,0 штаттык бирдигин, Бишкек шаары жана Түндүк региону боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын (мындан ары- ИСТК боюнча МСКБ) начальнигинин орун басарын жана Бишкек шаары жана Түндүк региону боюнча ИСТК МСКБнын жергиликтүү жана салыктык эмес төлөмдөрдү контролдоо бөлүмүнүн 5,0 штаттык бирдигин күтүүгө.

15. Кварталдык, үй комитеттеринин, турак жай ээлеринин шериктиктеринин, аксакалдар сотторунун төрагалары үчүн келишимдик негизде ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык акы төлөө белгиленсин.

16. Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө келишимдик негизде квартал сайын 250 сомдон акы төлөө белгиленсин.

17. «Алга-Бишкек футбол клубу» муниципалдык мекемесинин футболчуларына контракттык негизде ай сайын стипендия белгиленсин.

18. «Алга-Бишкек» футбол клубу» муниципалдык мекемесинин машыктыруучуларына контракттык негизде ай сайын эмгек акы белгиленсин.

19. «Алга-Бишкек» футбол клубу» муниципалдык мекемесинин, Бишкек шаарынын мэриясынын мобилизациялык резервинин материалдарын сактоо кызматынын кызматкерлерине кызматтык маяна ушул токтомдун 5, 51-тиркемелерине ылайык белгиленсин.

20. Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментине караштуу «Алтын-Булак» пансионаты» муниципалдык мекемесинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментине караштуу «Социалдык жатакана» муниципалдык мекемесинин кызматкерлерине кызматтык маяна ушул токтомдун 6, 6¹-тиркемелерине ылайык белгиленсин.

21. Жалпы билим берүү уюмдарындагы аскерге чакырууга чейинки даярдоо боюнча жетекчилерине айына 6000 сом өлчөмүндө кызматтык маяна белгиленсин.

22. 2023-2025-жылдарга Бишкек шаары боюнча бюджеттик программалардын жана чаралардын түзүмү ушул токтомдун 7-тиркемесине ылайык жактырылсын.

23. 2022-жылдагы чыгашалардан ашкан кирешелердин эсебинен чыгашаларды багыттоого ушул токтомдун 8-тиркемесине ылайык уруксат берилсин.

24. Бюджеттик мекемелердин жылдын башталышына карата атайын каражаттардын калдыгынын чыгымдарынын багыты ушул токтомдун 9-тиркемесине ылайык бекитилсин.

25. Административдик райондордун эсептериндеги жылдын башына карата бөлүнбөгөн жергиликтүү бюджеттик каражаттардын калдыгы шаардык бюджетке топтоштурулсун.

26.  Бишкек шаарынын мэриясы:

  1. “Бишкек” ЭЭЗ Генералдык дирекциясынын ведомстволук отканасын “Бишкекжылуулукэнерго” КИсинин балансына өткөрүп берүү маселесин иштеп чыксын жана тийиштүү сунуштарды киргизсин;
  2.   Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен  “Бишкекжылуулукэнерго” КИси жана  “Бишкек” ЭЭЗ Генералдык дирекциясынын ведомстволук отканасы боюнча жылуулук жана ысык суу менен жабдуу муктаждыгына калкка берилүүчү жылуулук энергияга тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун жыйынтыгында пайда болуучу чыгымдарды компенсациялоо тууралуу маселени иштеп чыксын. 2023-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө иштин жыйынтыгы боюнча тийиштүү сунуштарды киргизсин;
  3. Мэрдин биринчи орун басары жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлинин Бишкек финансы башкармалыгынын начальниги 2023-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен билим берүүнүн кызматкерлеринин айлык акысын төлөөнү жабууга кепилдик берүү мүмкүнчүлүгүн бере турган  тийиштүү трансферттерди бөлүү же  борбордун бюджетинин киреше булагынын  башка туруктуу түрү менен камсыздоо маселесин иштеп чыксын;
  4. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө функцияларын жүзөгө ашыруу жана алардын аткарылышы менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоо маселелери боюна иш жүргүзсүн жана 2023-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө сунуш киргизсин;
  5. Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган менен Бишкек шаарынын аймагындагы кесиптик спорттук мекемелерди жана уюмдарды каржылоо жаатындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын чектөө тууралуу маселе боюнча тийиштүү ишти жүргүзсүн жана 2023-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө тийиштүү сунуштарды киргизсин;
  6. спорттук оюндар боюнча ОРБжӨСМ үчүн жайларды берүү жөнүндө маселени карап чыксын;
  7. спорттун параолимпиадалык жана сурдолимпиадалык түрлөрү боюнча  бөлүмдөрдү Бишкек шаарынын бир ОРБжӨСМсына бириктирүү маселеси боюнча ишти жүргүзсүн;
  8. 2023-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Бишкек шаарынын билим берүү бөлүмүн  каржылоону жергиликтүү бюджеттен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине өткөрүп берүү маселеси боюнча ишти жүргүзсүн;
  9. 2023-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына тийиштүү өщзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен  билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин 634,25 кошумча штаттык бирдиги боюнча, жалпы билим берүү уюмдарында аскерге чейинки даярдоо боюнча жетекчинин кошумча ствкасы боюнча, акылы-эси кем жана дене түзүлүшүндө кемтиги бар балдар үчун узартылган күн тобунун тарбиячысы кызматынын 5 ставкасы боюнча  маселени  иштеп чыксын;
  10. 2023-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө  Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен  “Бишкек шаарынын SOS-Герман Гмайнер окуу-тарбия комплекси” мекемесинин жана SOS-Бишкек шаарынын балдар айылы бала бакчасынын чыгымдарын каржылоону өткөрүп берүү маселеси боюнча иш жүргүзсүн;
  11. 2023-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө  Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлиги менен №1 жана №71 2 интернат тибиндеги мектепти республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүп берүү тууралуу маселе боюнча иш жүргүзсүн;
  12. 2023-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө  кары адамдар жана ден соолуктун чектелген мүмкүнчүлүгү менен жактар  (ДСМЧЖ) үчүн жалпы типтеги Бишкек шаардык социалдык станционардык мекемени республикалык бюджеттен күтүүгө өткөрүп берүү маселесин карп чыксын;
  13. 2023-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө өз алдынча бухгалтерияга мектептерди этап-этабы менен чыгаруу жолу менен Бишкек шаарынын мектептерин децентралдаштыруу жаатында иш жүргүзсүн жана тийиштүү сунуштарды киргизсин;
  14. райондук МСКБнын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча бөлүмдөрүнүн жана Бишкек шаары жана Түндүк региону боюнча ИСТК МСКБнын жергиликтүү жана салыктык эмес төлөмдөрдү контролдоо бөлүмүнүн 70 штаттык бирдигин күтүү жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ылайык келтирсин жана 2022-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө  кызматкерлердин санын кыскартуу боюнча тийиштүү чечим киргизсин;
  15. анализ жүргүзсүн жана өзүн-өзү актоочулукка, кирешелүүлүккө жана Бишкек шаарынын бюджетин толтурууга багытталган Бишкек шаарынын мэриясынын муниицпалдык ишканаларынын чарба жүргүзүү ишин мындан ары өнүктүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунушту Бишкек шаардык кенешинин кароосуна киргизсин;
  16. калк үчүн жылуулук энергияны коё берүү  жана ысык суу менен камсыздоо боюнча, коммерциялык субъекттер тарабынан суу менен жабдууну пайдалануу боюнча эсептөө приборлорун орнотууну тездетсин жана аяктасын;
  17. салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр боюнча киреше бөлүктүн аткарылышы үчүн Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарына, мэрдин тейлеген орун басарларына, райондук МСКБнын, ИСТКБнын жетекчилерине жана Бишкек шаарынын администрациялык район башчыларына, Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаменттин, тийиштүү  башкармалыктардын жана муниципалдык ишканалардын начальниктерине жеке жоопкерчиликти жүктөсүн;
  18. салыктык эмес түшүүлөр боюнча киреше бөлүктүн аткарылышына жеке жоопкерчиликти Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаментти тейлеген Бишкек шаарынын мэринин орун басары Н. К. Орунтаевге жеке жоопкерчиликти жүктөсүн;
  19. капиталдык салымдарга жана ремонтко каралган өздөштүрүлбөгөн каражаттар үчүн Бишкек шаарынын мэринин тейлеген орун басарына жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине жеке жоопкерчиликти жүктөсүн;
  20. “Алтын Булак пансионаты” муниципалдык мекемеси боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу боюнча талдап чыксын жана сунуш киргизсин;
  21. муниципалдык мүлктү натыйжалуу пайдалануу  жана шаардыктарга сапаттуу кызматтарды көрсөтүү үчүн, Бишкек шаарын көрктөндүрүү элементтерин күтүү максатында, кыска мөөнөттө муниципалдык ишканалардын түзүмдөрүн мындан ары оптимизациялоо менен муниципалдык заказ тууралуу жобону иштеп чыксын жана бекитсин;
  22. 2023-жылга Бишкек шаарынын конуштарын камтууну кеңейтүү менен жарыктандыруу боюнча өндүрүштүк программанын планын кайра карап чыксын;
  23. “Бишкексуучарба” МИсинин өндүрүштүк планына “Молодёжный” сейилбагындагы скважинаны киргизүү маселесин карап чыксын;
  24. “Бишкексуучарба” МИсине дренаж тармагын курууну өткөрүп берүү маселесин карап чыксын;
  25. муниципалдык жеке өнөктөштүк жөнүндө жобону иштеп чыксын;
  26. иштеп чыксын жана тийиштүү документтерисиз курулган капиталдык курулмаларды бузуу жаатындагы жобого өзгөртүү киргизсин;
  27. 2023-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө шаардын муниципалдык ишканаларынын кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларын иштеп чыксын жана бекитсин;
  28.   “Бишкеасфальтсервис” МИсинин линиясы боюнча титулдук тизменин долбоорундагы Абаканская көчөсүнүн капиталдык ремонтунун чыгымдарын кайра карап чыксын;
  29.  “Алга-Бишкек” муниципалдык футболдук клубун күтүүнүн максаттуулугун, аларды жоюу жана өзүн-өзү каржылоого которуу маселесин, ал эми 2023-жылга сметанын долбоорунда каралган  каражаттарды  Бишкек шаарынын аймагында дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин (ДТДСЧК) курууга кайра багыттоону карап чыксын жана 2024-жылдан тартып  бул мекемени өзүн-өзү каржылоого которуу жөнүндө чечимдин долбоорун иштеп чыксын;
  30. Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май районунун аймагында, тактап айтканда конуштарда дзюдо боюнча бөлүмдөрдү ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыксын;
  31. 2023-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө “Алтын Булак” пансионаты үчүн корпус курууга  долбоорлоо-изилдөө иштерин (ДИИ) аяктасын, бул маселе боюнча жоопкерчиликти Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары М. К. Байгончоковго жүктөсүн;
  32. шаардын бюджетин аткаруу процессинде коомдук угууларда айтылган жана сунушталган шаардын тургундарынын кайрылууларына өзгөчө көңүл  бурсун;
  33. Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген  тартипте “Бишкекгенплан долбоорлоо институту” МИсин жоюу маселесин карап чыксын;
  34. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси тарабынан белгиленген тартипте келерки жылга Бишкек шаарынын бюджетинин долбоорун макулдашууга киргизсин;
  35. ушул токтом бекитилгенден кийин 15 күндүн ичинде, аны өзүнүн расмий сайтына жайгаштырсын.

27. Бишкек шаарынын мэри Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”мыйзамынын 48-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын18-беренесине ылайык жоопкерчилик тартаары белгиленсин.

28. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

  29. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

  30. Ушул токтом 2023-жылдын 1-январынан тартып колдонулат.

          

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                          К. Конгантиев

Токтом (docx.47 kb)

Тиркеме (excel.158 kb)