Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ
2023-жыл 25-апрель № 80

 

Бишкек шаарынын прокуратурасынын каршылыгы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Т. Б. Усубалиевдин Бишкек шаарынын прокуратурасынын 2023-жылдын 16-февралындагы №11/9-0-2-23 Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын  16-декабрындагы № 61 «Бишкек шаарында жер укук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун 1-абзацына жана 2-пунктуна каршылык билдирүүсү боюнча баяндамасын, ошондой эле, Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын, муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын корутундуларын эске алып, Бишкек шаардык кеңеши

                                     

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Бишкек шаарынын прокуратурасынын 2023-жылдын 16-февралындагы № 11/9-0-2-23 Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын  16-декабрындагы   № 61 «Бишкек шаарында жер укук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун   1-абзацына жана 2-пунктуна каршылык билдирүүсүнө макулдук берилбесин.

 

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана Бишкек шаарынын прокуратурасына жөнөтүлсүн.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

 

Төрага                                                                                   К. Конгантиев