Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2023-жыл 25-апрель № 76

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 12-июнундагы № 316 «Бишкек шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарын социалдык жактан колдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө», «Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө» мыйзамдарын аткаруу үчүн, Чернобыль АЭСинде болгон аварияны жоюуга катышуучулардын жана Бишкек шаарынын жарды тургундарынын материалдык абалын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 12-июнундагы № 316 «Бишкек шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарын социалдык жактан колдоо жөнүндө» токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарына даректүү социалдык жардам берүү тартиби жөнүндө жобого төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:

8-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы 6-абзац менен толукталсын:

«Бул Жобого ылайык, жарды жарандарга жана үй-бүлөлөргө даректүү социалдык жардамдын түрлөрү турак жайды жалдоого же ижарага берген, менчигинде бир турак жайдан көп турак жайы, 5 соткадан ашык бир жер үлүшү, узак пайдалануудагы товарлар: даярдоочу завод чыгарган жылын кошо алганда эксплуатациялоо мөөнөтү 20 жылдан аз эмес болгон автомобиль, айыл чарба техникалары (трактор, комбайн), жүк ташуучу автомобиль, чакан автобус бар болгон учурда, ошондой эле Бишкек шаарында катталган, бирок Бишкек шаарынын аймагында туруктуу жашабаган тургундарга берилбейт.»;

8-пункттун 3-абзацындагы “жашаган жеринен жана үй-бүлөсү тууралуу маалымкат” деген сөздөрдүн алдына “ыйгарым укуктуу органдан” деген сөздөр менен толукталсын;

10-пункттун 7-абзацындагы “жашаган жеринен маалымкат” деген сөздөрдүн алдына “ыйгарым укуктуу органдан” деген сөздөр менен толукталсын;

12-пунктта:

         1-абзацтагы «500 сом өлчөмүндөгү» деген сөздөр жана цифралар «1000 сом өлчөмүндөгү» деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;

«г» пунктчасы күчүн жоготту деп эсептелсин;

төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«ЧАЭС авариясынын катышуучуларына жана анын кесепеттерин жоюунун натыйжасында майып болгон адамдарга квартал сайын 2000 сом өлчөмүндө стипендия берилет.»;

14-пункттун 12-абзацындагы “жашаган жеринен маалымкатты” деген сөздөрдүн алдына “ыйгарым укуктуу органдан” деген сөздөр менен толукталсын;

16-пунктта:

1-абзацтагы «2020-2021-жылдагы жылуулук берүү убагынан тартып үй-бүлөгө 5000 сом өлчөмүндө» деген сөздөр жана цифралар «2023-2024-жылдагы жылуулук берүү мезгилинен тартып бир үй-бүлөгө    6000 сом өлчөмүндө» деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;

«д» пунктчасында:

1-абзацтагы «конуштарга чейин жашагандар үчүн 500 сом, конуштарда жашагандар үчүн 700 сом» деген сөздөр жана цифралар «конуштарга чейин жашагандар үчүн 700 сом, конуштарда жашагандар үчүн 900 сом» деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;

3-абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

«РСӨБнын начальниктери кол тамга коюшат, мөөр менен күбөлөндүрүшөт жана үстүдөгү жылдын 1-августуна чейин компенсация төлөө үчүн Бишкек почтамтка же банктарга жөнөтүшөт. Үстүдөгү жылдын                15-июлунан кийин кайрылган адамдарга катуу отун алуу үчүн компенсация төлөө өзгөчө учурларда Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык аймактык башкармалыгынын өтүнүч каты боюнча жана комиссиялардын чечимдеринин негизинде үстүбүздөгү жылдын 31-октябрына чейин жүргүзүлөт.»;

17-пунктта:

1-абзацтагы «эң» деген сөз алып салынсын, “жашаган жеринен үй-бүлө курамы” деген сөздөрдүн алдына “ыйгарым укуктуу органдан” деген сөздөр менен толукталсын;

төмөндөгүдөй мазмундагы 2-абзац менен толукталсын:

«Бир учурда эки жана андан көп бала төрөлгөн учурда, АИВ/КИЖС менен ооруган энелерден балдар төрөлгөндө сүт азыктары үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн орточо кирешесин эсепке албастан, балдар төрөлгөн учурдан тартып 4 жашка чейин берилет.»;

22-пункттун «д» пунктчасы «Бала төрөлгөн учурда,» деген сөздөрдөн кийин, «үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн орточо кирешесин эсепке албастан,» деген сөздөр менен толукталсын;

22-пункттун 7-абзацындагы “үй-бүлөнүн курамы” деген сөздөрдүн алдына “ыйгарым укуктуу органдан” деген сөздөр менен толукталсын;

23-пункттагы “жашаган жеринен маалымкаттын” деген сөздөрдүн алдына “ыйгарым укуктуу органдан” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы 2023-жылдын 31-июнуна чейин ушул токтомдун аткарылышына мониторинг жүргүзсүн жана 2023-жылдын 15-июлуна карата Бишкек шаардык кеңешине маалымат берсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана социалдык маселелер боюнча Бишкек шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                               К. Конгантиев