Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2023-жыл 25-апрель № 83

 

Бишкек шаарынын муниципалдык мүлкүн башкаруу жана тескөө чөйрөсүндөгү Бишкек шаардык кеңешинин токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 137 “Жер участоктордун чек араларын, функционалдык багытын өзгөртүү жана алмаштыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген “Жер участокторунун чек араларын, функционалдык багытын өзгөртүү жана алмаштыруу тартиби жөнүндө” жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

а) 17-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

“17. Комиссия 7 жумушчу күндүн ичинде жер участоктун чек араларына, функционалдык багытына же алмашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

Комиссиянын чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу орган тийиштүү буйрук чыгарат.”;

б) 20-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

“20. Ыйгарым укуктуу органдын буйругунун негизинде, арыз ээси менен 7 жумушчу күндүн ичинде кошумча макулдашуу түзүлөт.

Баш тартылган учурда ыйгарым укуктуу органдын буйругу арыз ээсине 3 жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлөт.”;

в) 28-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

“28. Комиссия 7 жумушчу күндүн ичинде коомдук же мамлекеттик муктаждыктар үчүн алынып жаткан жер участоктун ордуна жер участокту алмаштыруу же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

Комиссиянын чечиминин негизинде, ыйгарым укуктуу орган тийиштүү буйрук чыгарат.”;

г) 31-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

“31. Ыйгарым укуктуу органдын буйругунун негизинде арыз ээси менен 7 жумушчу күндүн ичинде кошумча макулдашуу түзүлөт.

Баш тартылган учурда ыйгарым укуктуу органдын буйругу арыз ээсине 3 жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлөт.”.

 

2. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 138 “Бишкек шаарында тоорук өткөрбөстөн ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга кошумча жер участокторду берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген “Бишкек шаарында тоорук өткөрбөстөн ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга кошумча жер участокторду берүү тартиби жөнүндө” жобонун 25-пункту төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

“25. Жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия жер участогун берүү же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

Комиссиянын чечиминин негизинде, ыйгарым укуктуу орган 7 жумушчу күндүн ичинде тийиштүү буйрук чыгарат жана арыз ээси менен жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда каттала турган жер участогун ижаралоо келишимин түзөт. Жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда ижара келишимин каттоо боюнча чыгымдар ижарачыга жүктөлөт.

Баш тартылган учурда ыйгарым укуктуу органдын буйругу арыз ээсине 3 жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлөт.”.

 

3. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 139 “Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долборлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”  токтому менен бекитилген “Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө” жобого төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

а)  30-пункту төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

“30. Комиссия баалоочу же баалоочу уюм тарабынан даярдалган жер участогун баалоо жөнүндө отчетко ылайык, ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга көп батирлүү үйлөрдү курууга мурда берилген жер участогун сатып алуу же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

Комиссиянын чечиминин негизинде, ыйгарым укуктуу орган 3 жумушчу күндүн ичинде жер участогун сатып алуу-сатуу келишимин түзүү үчүн негиз боло ала турган тийиштүү буйрук чыгарат.

Жер участогун сатып алуу-сатуу келишими укук белгилөөчү документтин күчүнө ээ.

Баш тарткан учурда, ыйгарым укуктуу органдын буйругу арыз ээсине 3 жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлөт.”;

б) 31-пункттагы:

“комиссиянын чечиминин протоколунда” деген сөздөр “ыйгарым укуктуу органдын буйругунда” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

“протоколдун көчүрмөсү” деген сөздөр “буйруктун көчүрмөсү” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

4. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 140 “Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген “Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө” жобонун 17-пункту төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

“17. Ыйгарым укуктуу орган комиссиянын чечиминин негизинде 10 жумушчу күндүн ичинде тийиштүү буйрук чыгарат жана маселе оң каралган учурда жер участогун ижаралоо келишимин түзүү жолу менен жер участогун пайдалануу укугун узартат.

Чечим терс кабыл алынган учурда ыйгарым укуктуу органдын буйругу арыз ээсине 3 жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлөт.”.

 

5. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 “Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген “Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө” жобонун 64-пункту төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

“64. Аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде, ыйгарым укуктуу орган тарабынан  аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протокол кол тамга коюлган күндөн тартып 10 жумушчу күндөн кечиктирилбестен жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда каттала турган, ыйгарым укуктуу орган ага ылайык жер участокту ижаралоо келишимин түзө турган буйрук чыгарат.

Ыйгарым укуктуу органдын буйругу утулган тараптарга 3 жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлөт.”.

 

6. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 142 “Бишкек шаарында ижара шартында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген “Бишкек шаарында ижара шартында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө” жобонун 28-пункту төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

“Ыйгарым укуктуу орган комиссиянын чечиминин негизинде 10 жумушчу күндүн ичинде тийиштүү буйрук чыгарат жана маселе оң каралган учурда жер участогун ижаралоо келишимин түзүү жолу менен жер участогун пайдалануу укугун берет же узартат.

Чечим терс кабыл алынган учурда ыйгарым укуктуу органдын буйругу арыз ээсине 3 жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлөт.”.

 

7. Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 60 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген  “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө” жобо төмөндөгүдөй мазмундагы 135-1-пункт  менен толукталсын:

“135-1. Муниципалдык мүлктү пайдалануу укугун акы төлөп берүү, узартуу же токтотуу менен байланышкан комиссиянын чечиминин негизинде, ыйгарым укуктуу орган тийиштүү буйрук чыгарат.

Чечим терс кабыл алынган учурда ыйгарым укуктуу органдын буйругу арыз ээсине 3 жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлөт.”.

 

8. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык мүлк, жер пайдалануу жана архитектура маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                              К. Конгантиев