Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2023-жыл 16-март № 70 Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

а) 25-пункт төмөнкү мазмундагы 19), 20), 21) пунктчалар менен толукталсын:

“19) туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет;

20) зарылчылыкка жараша  Бишкек шаардык кеңешинин  туруктуу комиссияларынын жыйындарын чакырат;

21) кечиктирилгис маселелерди ыкчам чечүү үчүн кээ бир маселелер боюнча жумушчу топторду түзө алат.”;

б) 5-Главанын аталышындагы “жана жумушчу” деген сөздөр алынып салынсын;

        в) 39-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: “Шаардык кеңештин төрагасынын сунушу боюнча  регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссия туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.”;

г) 47-пункттун 4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:

“4) туруктуу комиссиянын жыйынынын күн тартибин бекитет.

Өз ишин уюштуруу маселелерин чечет;»;

д) 50-пункттун 2-абзацы «суткадан кеч эмес» деген сөздөрдөн кийин «мессенджер же электрондук почта аркылуу» деген сөздөр менен толукталсын;»;

е) 56-пункттун 3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:

“3) бул комиссияны тейлеген Бишкек шаардык кеңешинин аппаратынын кызматкери аркылуу туруктуу комиссиянын жыйынын чакырат, туруктуу комиссиянын жыйынынын күн тартибин түзөт жана керектүү документтерди жана башка материалдарды даярдоону уюштурат;»;

ж) төмөнкү мазмундагы 57-1-пункт менен толукталсын:

“Туруктуу комиссиянын төрагасы жок болгондо, туруктуу комиссия комиссиянын жыйынын чакыруу жана туруктуу комиссиянын жыйынынын күн тартибин түзүү туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Туруктуу комиссиянын төрагасы жана төраганын орун басары жок болгондо, туруктуу комиссиянын жыйыны туруктуу комиссиянын курамынан мүчөлөрүнүн көпчүлүгү менен чакырылышы мүмкүн.”

з) 67-пункттагы “орун басары” деген сөз “орун басарлары” деген соз менен алмаштырылсын”;

и) 280, 285, 286-пункттардагы “жумушчу” деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө жана сандарда  “убактылуу” деген сөз менен алмаштырылсын;

к) 310-пункт алынып салынсын.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык  кеңешинин төрагасы                                                        

К. Конгантиев