Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2023-жыл 16-март № 69

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 23 “Жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага алуу укугу менен ижаралоого укугу бар ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, жеке жана юридикалык жактардын жана жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага берилүүчү объекттердин № 2 Тизмесин жана № 2 Тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамарына, Бишкек шаардык кеӊешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 60 токтому менен бекитилген, “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө” жобого ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 23 “Жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага алуу укугу менен ижаралоого укугу бар ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, жеке жана юридикалык жактардын жана жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага берилүүчү объекттердин № 2 Тизмесин жана № 2 Тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген № 1 тиркеменин “шаардын калкына социалдык маанилүү кызматтарды көрсөтүүчү жеке жана юридикалык жактардын тизмеси” главасы төмөндөгүдөй мазмундагы 23-сап менен толукталсын:

“23. Кыргыз Республикасынын адвокатурасы – Москва көчөсү, № 90 үй – 100”;

                                                                                                                      

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, № 2 тиркемесинин “Шаардын калкына социалдык маанилүү кызматтарды көрсөтүүчү жеке жана юридикалык жактарга пайдаланууга бериле турган муниципалдык мүлк объекттеринин тизмеги” главасы төмөндөгүдөй мазмундагы 23, 24-саптар менен толукталсын:

“23. Москва көчөсү, № 90 үй – 1-кабат – 98,2 – 23 – Кыргыз Республикасынын адвокатурасы – 100”;

24. Москва көчөсү, № 90 үй – 2-кабат – 98,2 – 23 – Кыргыз Республикасынын адвокатурасы – 100”.     

 

2. 2023-жылдын 1-майынан тартып Кыргыз Республикасынын адвокатурасына Москва көчөсү, № 90 үй дарегинде жайгашкан имараттын 1-кабатындагы жайларга 100% өлчөмүндөгү жеңилдик берилет.

 

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                                      К. Конгантиев