Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2023-жыл 31- январь № 67

 

Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө карата тарифтер жөнүндө

 

Бишкек шаарынын санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу, «Тазалык» жана «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканаларынын зыянсыз, пайдалуу жана ишенимдүү иш-аракеттерин камсыздоо, ошондой эле финансылык милдеттенмелерди аткаруу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2023-жылдын 1-февралынан тартып катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга жана көмүүгө карата төмөнкү тарифтер бекитилсин:

калк үчүн айына бир адамдан 41 сом өлчөмүндө, анын ичинде 13 сом катуу тиричилик калдыктарын көмүү боюнча кызмат көрсөтүүгө;

Бишкек шаарынын пенсионерлери үчүн айына бир адамдан 22,50 сом өлчөмүндө;

менчигинин түрүнө карабастан, чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн 1,0 куб. м. үчүн 361 сом же 1 тоннасына 2430 сом, анын ичинде 81 сом же  1 тоннасына 445 сом өлчөмүндө катуу тиричилик калдыктарын көмүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө;

менчиктин түрүнө карабастан, катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн катуу тиричилик  калдыктарын көмүү боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн 1 тоннасы үчүн 445 сом өлчөмүндө.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

2023-2024-жыл мезгилдерине «Тазалык» муниципалдык ишканасын өнүктүрүү программасын иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизсин;

белгиленген мөөнөттө толук көлөмдө «2013-жылдын 10-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Бишкек шаарында катуу калдыктарды башкаруу тутумун жакшыртуу» долбоорун каржылоо жөнүндө Кредиттик макулдашууну; 2013-жылдын 24-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы жана Бишкек шаарынын мэриясы жана «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Бишкек шаарында катуу калдыктарды башкаруу тутумун жакшыртуу» долбоору боюнча ЕРӨБ уюштуруучуларынын атайын фондусунан Инвестициялык грант берүү жөнүндө Гранттык макулдашууну; 2015-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы жана Бишкек шаарынын мэриясы жана «Тазалык» муниципалдык ишканасы, «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу» долбоору үчүн Европа бирлигинин Борбордук Азия боюнча Инвестициялык фондунун («EUIFCA») инвестициялык грантына карата Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен ратификацияланган кредитти жоюуну белгиленген тартипте камсыздасын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүлсүн.

4. Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 144 «Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызматтарга тарифтер жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана турак жай-коммуналдык чарба маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                             К. Конгантиев