Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2022-жыл 16-декабрь № 61

Бишкек шаарында жер укук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Ресрубликасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Т. Б. Усубалиевдин маалыматын угуп, Бишкек шаарындагы муниципалдык менчикти натыйжалуу пайдалануу механизмин иштеп чыгуу,  Бишкек шаарынын муниципалдык менчигин тескөөнүн жана башкаруунун бирдиктүү тартибин белгилөө максатында, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаарынын мэриясы:

тийиштүү жобону иштеп чыкканга жана бекиткенге чейин Бишкек шаарынын муниципалдык менчигин мамлекеттик менчикке же мамлекеттик мекемелерге, ишканаларга жана уюмдарга өткөрүп берүүнүн жана берүүнүн жол-жоболоштуруу процедурасын токтото турсун;

бир айлык мөөнөттө муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөө, Бишкек шаарынын муниципалдык мүлкүн мамлекеттик менчикке жана мамлекеттик мекемелерге, ишканаларга жана уюмдарга укуктарды берүү жана өткөрүп берүү  тартиби тууралуу жобону иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын бекитүүсүнө киргизсин.

 

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Бишкек шаардык кеңеши тарабынан тийиштүү жобо бекитилгенге чейин Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине тиешелүү мамлекеттик мекемелер, ишканалар жана уюмдар үчүн тийиштүү документтерди даярдоо жана жол-жоболоштуруу процедурасын токтото турсун.

 

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын мэринин орун басары жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасынын милдетин убактылуу
аткаруучу                                                                                 Ж. А. Абдраимов