Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2022-жыл 9-ноябрь № 56

 

 

Бишкек шаардык кеӊешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 139 «Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Баалоо иши жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 “Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин баардык субъектилери милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттарын бекитүү жөнүндө” жана 2022-жылдын 10-июнундагы № 312 “Кыргыз Республикасында баалоочуларды сертификаттоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомдоруна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаардык кеӊешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 139 «Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

“1-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын; “3-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарында көп кабаттуу турак үй долбоорлоо жана куруу үчүн ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү)  пайдаланууга мурда берилген  жер участогун сатып алууда жер участокту баалоонун типтүү келишими.”, 1-тиркемеге ылайык;

 

2-пункттун 5-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: “баалоочуларды же баалоочу уюмду аныктоодо, ошондой эле  жер участокторду баалоодо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алсын;

 

2-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: “ыйгарым укуктуу орган жыл сайын баалоочулардын же баалоочу уюмдун кызматтарын төлөөгө  акча каражаттарын карасын”.

 

2. Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жободо:

6-пункттун 3-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

«баалоочу - Кыргыз Республикасында баалоо ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык баалоо кызматтарын көрсөтүү үчүн керектүү квалификацияга ээ болгон жеке адам;

баалоочу уюм - белгиленген тартипте катталган жана штатында баалоо ишин аткаруучу бирден кем эмес баалоочусу болгон юридикалык жак.;»;

 

8-пункттун 2-абзацындагы «көз карандысыз баалоочуларды» деген сөздөр “1 жылга чейинки мөөнөт менен ыйгарым укуктуу орган менен кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзө турган баалоочуларды же баалоочу уюмду” деген сөздөр менен алмаштырылсын”;

 

14-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:

“Арызды кароонун жалпы мөөнөтү 30 жумуш күндөн ашпоосу керек. Шаар куруу корутундусу даярдалган учурда, арызды кароо мөөнөтү 30 күндөн көп эмес мөөнөткө узартылат, бул тууралуу ыйгарым укуктуу орган арыз ээсин кабарлайт.”;

 

15-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

«15. Ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардан тийиштүү документтер келип түшкөн учурдан тартып 14 жумушчу күндүн ичинде, ошондой эле Бишкек шаардык кенеши тарабынан бекитилген Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алууда баалоочуну же баалоочу уюмду аныктоо тартибинин талаптарына ылайык баалоочу же баалоочу уюм тарабынан даярдалган жер участогун баалоо жөнүндө отчету бар болгон учурда, ыйгарым укуктуу орган Комиссиянын жыйынына көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн мурда берилген жер участокторун сатып алуу жөнүндө маселени киргизет.»;

 

17-пункт  төмөнкү редакцияда берилсин:

“17. Комиссия тарабынан чечим кабыл алынган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде, ыйгарым укуктуу орган  жер участокту баалоого тапшырма даярдайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жер участоктун наркын баалоону жүргүзүү үчүн баалоочуну же баалоо уюмун аныктайт.

Жер участокту баалоо өзүнө баалоону өткөрүү предметин жана мөөнөтүн, берүүчү кызматтардын көлөмүн, төлөө өлчөмүн жана тартибин, ошондой эле тараптардын жоопкерчилигин камтыган ыйгарым укуктуу орган менен баалоочунун же баалоо уюмунун ортосунда түзүлгөн Типтүү келишимдин негизинде жүргүзүлөт.

Жер участоктун наркын баалоону өткөрүү баалоочу же баалоо уюму тарабынан келишим түзүлгөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.

Баалоочу же баалоо уюму тарабынан түзүлгөн келишимдин шарттарын аткаруу мөөнөтүнүн аякташы жер участокту баалоо тууралуу отчетту тапшыруу актысы менен аныкталат.”;

 

21-пункт төмөнкү мазмундагы кичи пункт менен толукталсын:

«-в 1) жер участогун баалоо жөнүндө отчеттун көчүрмөсү;»;

 

30- жана 32-пункттардагы «көз карандысыз баалоочунун корутундусуна ылайык» деген сөздөр «баалоочу же баалоочу уюм тарабынан даярдалган жер участогун баалоо жөнүндө отчетко ылайык» деген сөздөр менен алмаштырылсын.”;

 

32-пункттагы “жер участоктун наркы” деген сөздөр “жана баалоочулардын же баалоочу уюмдун кызматтарын төлөө боюнча ыйгарым укуктуу органдын чыгымдарын” деген сөздөр менен толукталсын.

 

3. Бишкек шаарынын мэриясы:

үч айлык мөөнөттө, Бишкек шаардык кеӊешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 139 «Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун ишке ашуусунун жүрүшү тууралуу маалыматты Бишкек шаардык кеңешине берсин;

үч айлык мөөнөттө,  муниципалдык жер участоктордун башка түрлөрүн сатып алуу тартибин иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын кароосуна киргизсин.

 

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык менчик маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                             К. Конгантиев

 

Тиркеме (docx. 26kb)