Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2022-жыл 9-ноябрь № 55

Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиянын ишинин жыйынтыктары тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ №284 “Элдик Курултай чакыруу жөнүндө” жарлыгын аткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеңешинин Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы №44 “Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы №44 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ №284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө” жана 2022-жылдын 29-сентябрындагы №54 “2022-жылдын 15-сентябрындагы №44 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ №284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө токтомуна  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтомдоруна ылайык, Биринчи Элдик Курултайга делегаттардын талакерликтерин көрсотүү боюнча жүргүзүлгөн иш чаралардын жыйынтыктары боюнча, ошондой эле маалыматты угуп чыгып, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын курултайынын шайланган делегаттарына алардын ыйгарым укуктарын тастыктоочу мандаттар, 1-тиркемеге ылайык берилсин.

 

2. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын курултайын уюштуруу

жана өткөрүү боюнча комиссияга ушул токтом, биринчи Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо жөнүндө протокол, жана 2022-жылдын 5-ноябрындагы Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын курултайында бекитилген маселелердин тизмеси жана биринчи Элдик Курултайга делегаттардын резерви биринчи Элдик Курултай өткөрүү боюнча уюштуруу комитетине жөнөтүү тапшырылсын.

 

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы К. Конгантиевге, Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Абдиевге жана биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөсү, Бишкек шаарынын мэри Э. Абдыкадыровго жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы
                                                                    К. Конгантиев

 

Тиркеме (docx. 46 kb)