Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2022-жыл 29 сентябрь № 47

 

Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаардык кеңешинин регламенти жөнүндө» 2012-жылдын 28-декабрындагы №2 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына ылайык келтирүү максатында, Бишкек шаардык кеңеши

         

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаардык кеңешинин регламенти жөнүндө» токтомунун киришмесиндеги «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» деген сөздөр «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» деген сөздөр менен алмаштырылсын. ".

 

2. Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) Бишкек шаардык кеңешинин регламентинин киришмесиндеги «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» деген сөздөр «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 1-пункттагы:

г), д), е), л), т) пунктчалары алып салынсын;

төмөнкү мазмундагы пунктчалар менен толукталсын:

«16) оперативдүү-чарбалык иш - функцияларды, милдеттерди жана кабыл алынган милдеттенмелерди уюштурууга жүктөлгөн аткаруу үчүн жетекчилердин, кызматкерлердин иши”;

3) 2-пункт "Бишкек шаардык кеңеши" деген сөздөн кийин "мындан ары - шаардык кеңеш" деген сөздөр менен толукталсын;

4) 3-пункт "Кыргыз Республикасы" деген сөздөн кийин "мындан ары - КР" деген сөздөр менен толукталсын;

5) 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«Депутаттык каникул мезгилинде кезексиз сессияларды, ошондой эле кезексиз сессияларда карала турган маселелер боюнча туруктуу комиссиялардын отурумдарын  өткөрүүгө жол берилет»;

6) 7-пункттун 3-абзацы  алынып салынсын;

7) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«8. Шаардык кеңештин депутаты КРнын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик кызматта же башка муниципалдык кызматта боло албайт.»;

8) 12-пункттун 1-абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «Жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи сессиясы КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шаардык кеңештерди шайлоонун натыйжалары аныкталгандан кийин эки жумадан кечиктирилбестен мурунку чакырылыштагы шаардык кеңештин төрагасы тарабынан чакырылат.»;

9) 14, 15, 133, 308-пункттарда, 30-пункттун 6) пунктчасында,                      40-пункттун 3-абзацында, 113-пункттун 6-абзацында, 139-пункттун                     2-абзацында, 298-пункттун 1-абзацында, 300-пункттун г), д), е) пунктчаларында “төрага” деген сөздүн алдына “шаардык кенештин” деген сөздөр менен  толукталсын;

10) 15-пункттун 2-пунктчасында “стенограмма” деген сөз алынып салынсын;

11) 16-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"16. Шаардык кеңештин төрагасы шаардык кеңешинин сессиясында депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү менен, депутаттардын жалпы санынан көпчүлүк добуш менен шаардык кеңештин ыйгарым укуктар мөөнөтүнө шайланат.

Көрсөтүү жөнүндө негиздүү чечими бар фракциялар шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү укугуна ээ.

Шаардык кеңештин фракциялары сессияда төрагалык кылуучуга шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү көрсөтүүнү киргизишет. Сессияда төрагалык кылуучу көрсөтүү кезеги боюнча талапкерлердин бирдиктүү тизмесин түзөт жана аны угуза айтат.

Шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер өзүнүн талапкерлиги жашыруун добуш берүү бюллетенине киргизилгенге чейин баш тарта алат. Өзүн-өзү алып салуу добуш берүүсүз кабыл алынат.

Эгерде шаардык кеңештин төрагасын шайлоодо экиден ашык талапкер катышып, алардын бири дагы добуштардын тийиштүү санын ала албаса, эң көп добуш алган эки талапкердин арасында шайлоонун кийинки туру өткөрүлөт. Эгерде алардын бири да добуштардын тийиштүү санын ала албаса, ошол эле тартипте жаңыдан көрсөтүү жана кайра шайлоо өткөрүлөт.

Добуш берүү бюллетенине киргизилген жана депутаттардын жалпы санынан тийиштүү көпчүлүк добушун ала албаган депутаттар кайра көрсөтүүгө жол берилбейт.

Шаардык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, бош кызмат орду түзүлгөн күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде фракциялар ушул регламентте белгиленген тартипте шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтөт.»;

12) 19, 22-пункттар алынып салынсын;

13) 25 - пункттагы:

ж) пунктчасындагы "(депутаттарга)" деген сөздөр жана кашалар "жана депутаттарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

төмөнкүдөй мазмундагы пунктча менен толукталсын:

"18) орун басарларынын ортосунда функционалдык милдеттерди бөлүштүрөт.";

14) 26-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«26. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары шаардык кеңештин сессиясында шаардык кеңештин төрагасынын жазуу жүзүндөгү сунушу боюнча, депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү менен, депутаттардын жалпы санынан көпчүлүк добуш менен  шаардык кеңештин ыйгарым укуктар мөөнөтүнө шайланат.”;

15) 27 - пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«27. Эгерде шаардык кеңештин төрагасынын орун басары кызмат ордуна талапкерлер депутаттардын добуштарынан тийиштүү санын ала алышпаса, жаңыдан талкуу жана добуш берүү өткөрүлө турган, жаңы талапкерлерди көрсөтүү жүргүзүлөт.”;

16) 33-пункттагы:

 "шаардык кеңештин" деген сөздүн алдына “өз милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда” деген сөздөр менен толукталсын;

“төрага” деген сөздүн алдына “шаардык кенештин” деген сөздөр менен  толукталсын;

“орун басары” деген сөз “орун басарлары” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

17) 36-пункттагы:

"жана жумушчу" деген сөздөр алып салынсын;

"тапшырма" деген сөз "чечим" деген сөз менен алмаштырылсын;

18) 38-пункттагы:

“Бюджет жана финансы боюнча комиссиядан тышкары,

Бюджет жана финансы боюнча комиссиянын курамына азчылык фракциясынын, же азчылык коалициясынан, же азчылык фракцияларынын ортосундагы макулдашуу боюнча 50 пайызы кирет.” деген сөздөр алынып салынсын;

4-абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: “Регламент, этика, укуктук маселелр жана укук тартиби боюнча комиссиянын курамына бардык фракциялардын мүчөлөрү, артыкча  алардын лидерлери кириши керек.”;

19) 41-пункттагы "жана жумушчу" деген сөздөр алып салынсын;

20) төмөнкүдөй мазмундагы 41-1-пункт менен толукталсын:

“41-1 Айрым маселелерди талдоо үчүн шаардык кеңеш убактылуу комиссия түзүшү мүмкүн. Убактылуу комиссия түзүүдө анын курамына шаардык кеңешинин каалаган депутаты кире алат.

Убактылуу комиссияны түзүү жөнүндө негизделген (максаттары, милдеттери, маселелердин чөйрөсү) сунушту фракциялар, туруктуу комиссиялар жана депутаттар киргизиши мүмкүн. Ал президиумда каралбайт.

Убактылуу комиссиянын курамы шаардык кеңешинин сессиясында, шаардык кеңештеги фракциялардын пропорционалдуу өкүлчүлүгүн эске алуу менен жана төраганын сунушу боюнча түзүлөт. Зарыл болгон учурларда комиссиялардын курамына мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле адистер, эксперттер жана окумуштуулар кириши мүмкүн.

Убактылуу комиссиянын иштөө мөөнөтү, ал түзүлгөн күндөн тартып 30 жумушчу күндөн ашпоого тийиш. Зарыл болгон учурларда шаардык кеңештин төрагасынын тескемеси менен комиссиянын иштөө мөөнөтү 30 жумушчу күнгө узартылышы мүмкүн.

Убактылуу комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат каттар, таблицалар жана башка материалдар даярдалат. Убактылуу комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча материалдар тийиштүү туруктуу комиссияга жөнөтүлөт.”;

21) 42-пункттагы “Бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынан жана төрагасынын орун басарынан башка,

Бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы болуп азчылык фракциядан, же азчылык фракциялар коалициясынан, же талкуулоосуз азчылык фракцияларынын ортосундагы макулдашуу боюнча өкүл шайланат. Төраганын орун басары - фракциядан же көпчүлүк коалициядан шайланат.” деген сөздөр алынып салынсын;

22) 47-пункт төмөнкүдөй мазмундагы пунктчалар менен толукталсын:

«9) кеңештин кароосуна киргизилүүчү маселелерди даярдоого катышат;

10) жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин, ошондой эле туруктуу комиссиянын чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат;

11) ушул регламент тарабынан белгиленген тартипте туруктуу негизде шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдерге мониторинг жүргүзөт жана баа берет;

12) шаардык кеңештин сессиясында шаардык кеңешке отчет берүүчү же контролдо болуучу органдын же кызмат адамдын отчетун же маалыматын угуу боюнча, ошондой эле тийиштүү жергиликтүү кеңештин, анын аймагында иштөөчү башка органдардын жана кызмат адамдардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуш киргизет.”;

23) төмөнкүдөй мазмундагы пункттар менен толукталсын:

«47-1. Шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын жана башка чечимдерди монторинг жүргүзүү жана баалоо  алардын аракетинин эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун аныктоо, ошондой эле ченемдик укуктук актыларды жаңы кабыл алынган, андан да жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүү, ошондой эле ченемдик укуктук актыларга прокурордук чара көрүү актыларынын чыгуусун алдын алуу, ошондой эле сот органдары тарабынан ченемдик укуктук актыларды конституциялык эмес, күчүн жоготту деп таануу жөнүндө чечимдердин кабыл алынышына жол бербөө максатында жүзөгө ашырылат.

47-2. Мониторингдин принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

мониторингдин айкындуулугу жана объективдүүлүгү;

тутумдуулугу;

ачыктыгы;

ченемдик укуктук актыларды талдоонун ар тараптуулугу;

мониторинг жүргүзүүдө колдонулуучу маалыматтын актуалдуулугу жана аныктыгы;

тыянактардын аргументтүүлүгү.

47-3. Мониторинг төмөнкү жолдор менен жүзөгө ашырылат:

ченемдик укуктук актыны талдоо;

ченемдик укуктук актынын колдонулушу тууралуу укук колдонуу жана сот практикасынын маалыматтарын аналитикалык жалпылоо.

47-4. Мониторингди жүзөгө ашырууда төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча ченемдик укуктук актыларды колдонуу практикасы жөнүндө маалымат жалпыланат жана талданат:

адамдын жана жарандын кепилденген укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын сактоо;

ченемдик укуктук актылардын болуусу,  эң жогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылар тарабынан каралган каралган ченемдик укуктук актыларды кабыл алуунун (чыгаруунун) зарылчылыгы;

ченемдик укуктук актыда коррупциялык факторлордун болуусу;

укуктук жөнгө салуунун толуктугу;

укук ченемдеринин коллизияларынын болуусу;

юридикалык- техникалык мүнөздөгү каталардын болуусу;

ченемдик укуктук актыны колдонуу менен байланышкан, анын ичинде ченемдик укуктук актынын жоболорунун маанисин бурмалоо жана аны колдонуунун бирдейлигин бузуулары менен укуктук жөнгө салуудагы коллизиялары жана боштуктары бар кайрылуулардын саны жана мазмуну.

47-5. Анын компетенциясына кирбеген карама-каршы келген, эскирген, коррупциялык, декларативдик жана натыйжасыз ишке ашырылып жаткан укук ченемдери табылган учурда шаардык кеңештин тийиштүү токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тийиштүү сунуштар киргизилет.»;

24) 48-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары караштуу аймакта жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин оперативдүү-чарбалык иштерине кийлигишүүгө укугу жок»;

25) 49-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Туруктуу комиссиялар каралуучу маселелерди даярдоо үчүн мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук уюмдардан, адистерден, эксперттерден жана окумуштуулардан маалымат сурай алат. Ошондой эле, контролду камсыздоо максатында Бишкек шаарынын мэриясына жана тийиштүү кызматтарга суроо-талаптар жөнөтүлөт.”;

26) 53-пункт расмий тилдеги текстте "төрага" деген сөздүн алдына "комиссиянын" деген сөз менен толукталсын;

27) 56-пункттун е) пунктчасындагы “жана жумушчу” деген сөздөр алынып салынсын;

28) 68-пункттагы:

в) пунктчадагы "жана отчетторун" деген сөздөр алып салынсын;

з) пунктчанын 2-абзацы алынып салынсын;

төмөнкүдөй мазмундагы пунктча менен толукталсын:

«9) шаардык кеңештин кезектеги жана кезексиз сессияларынын датасын которуу жөнүндө»;

29) 76-пункттун 3,4 – абзацтары алынып салынсын;  

30) 80-пункттагы:

б), и), к) пунктчалар алынып салынсын;

л) пунтчадагы “жумушчу” деген сөз “убактылуу” деген сөз менен алмаштырылсын;

м) пунтчадагы “боюнча” деген сөздөн кийин “депутаттык” деген сөз менен толукталсын;

о) пунктчадагы “жана стенограмма” деген сөздөр алынып салынсын;

төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«14) шаардык кеңешинин сессиясында отчет берүүчү же шаардык кеңеш контролдоочу органдын же кызмат адамынын, ошондой эле анын аймагында иштеп жаткан башка органдардын жана кызмат адамдардын шаардык кеңештин компетенциясына кирүүчү башка маселелер боюнча отчетун же маалыматын угуу жөнүндө сунуш киргизет».;

31) 80-1, 81, 82, 83, 84 - пункттар алып салынсын;

32) 91-пункттагы "фракциянын жетекчиси" деген сөздөр "фракциянын лидери, ал жок болгондо – фракциянын лидеринин орун басары” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

33) 104-пункттагы “вице-мэрлер” деген сөздөр “мэрдин орун басарлары” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

34) 105-пункт:

“төрага” деген сөздүн алдына “шаардык кенештин” деген сөздөр менен  толукталсын;

“президиуму” деген сөздөн кийин “туруктуу комиссия” деген сөздөр  жана белги менен  толукталсын;

35) 106-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"106. Шаардык кеңештин сессиясы төмөнкү маселелер боюнча токтом кабыл алат:

1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;

2) Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставын бекитүү;

3) кеңештин регламентин кабыл алуу;

4) кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматтан бошотуу, КРнын мыйзамдарына карама-каршы келген кеңештин төрагасынын чечимдерин жокко чыгаруу, алардын иши жөнүндө маалыматтарды угуу;

5) шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларын түзүү жана жоюу;

6) туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү;

7) туруктуу комиссиялардын төрагаларын жана орун басарларын бекитүү жана кызматтан бошотуу»;

8) мыйзам тарабынан белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;

9) Бишкек шаарынын мэриясынын иши, шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын пайдаланылышы жөнүндө, шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү, юридикалык консультацияларды берүү жана калкты социалдык жактан коргоо программалары жөнүндө Бишкек шаарынын мэринин отчетун угуу;

10) шаардын мэрине ишенбөөчүлүк көрсөтүү;

11) вице-мэрдин же мэриянын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин ишин канааттандырарлык эмес деп табуу;

12) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчетун угуу;

13) шаардын аймактык түзүлүшүнүн тартибин, администрациялык бирдиктердин аталышын жана алардын башкаруу органдары күтүүнү бекитүү;

14) шаардык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү;

15) жарым жылда бир жолу бюджеттин аткарылышынын, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын пайдаланылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты жана отчетту угуу;

16) аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана аткарылышын контролдоо;

17) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле КРнын мыйзамдары тарабынан каралган учурларда алар үчүн ставкаларды, анын ичинде шаардык жерлерге КРнын мыйзамдары тарабынан бекитилген салыктын негизги ставкаларынын чегинде дифференцияланган салык ставкасын белгилөө.

18) жергиликтүү бюджеттик валютаны жана бюджеттен тышкаркы валюталык максаттуу фонддорду түзүү жана пайдалануу тартибин аныктоо;

19) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программасын бекитүү, муниципалдык менчикти пайдалануу үчүн контролду жүзөгө ашыруу;

20) шаардын аймагында көрктөндүрүү, соодалоо, тышкы жарнакты жана маалыматты жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;

21) шаардын аймагында үй жаныбарларын кармоо жана жаюу эрежелерин бекитүү;

22) жергиликтүү өз алдынча башккаруунун ата мекендик жана чет өлкөлүк органдары менен кызматташуусу жөнүндө;

23) муниципалдык саламаттык сактоо системасынын, мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүнүн, дене тарбия жана спорттун, социалдык коргоонун иштөөсүн жана өнүгүүсүн уюштуруу;

24) Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын тарыхый-маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү;

25) айлана-чөйрөнү коргоо жана шаардын аймагында санитардык тазалоо, тазалыкты жана тартипти сактоону контролдоо боюнча иш-чараларды уюштуруу;

26) социалдык-маданий, турак-жай жана тиричилик муниципалдык объекттерди куруу;

27) КРнын мыйзамдарына ылайык муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен жабдууну пайдалангандыгы, ошондой эле катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди бекитүү;

28) лифттерди жана лифт жабдууларын техникалык тейлөөгө жана тейлөөгө тарифтерди бекитүү;

29) ирригациялык тармактарды, үй жана үй алдындагы участокторун күтүүнүн тартибин белгилөө;

30) жылуулук менен жабдууну уюштуруу;

31) калкка муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө тарифтик жана преференциялык саясатты аныктоо;

32) Бишкек шаарынын аймагына резидент эмес автотранспорт каражаттарынын кирүүсүн уюштуруу жана таксомоторлордун, жүк ташуулардын жана атайын транспорт каражаттарынын ишин жөнгө салуу;

33) КРнын мыйзамдарына ылайык муниципалдык менчикте турган жерлерди ижарага берүү тартибин белгилөө;

34) өз чечимдеринин аткарылышын контролдоо;

35) Бишкек шаарынын Уставына жана КРнын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү;

36) борбордун өзүнө жүктөлгөн функцияларын эске алуу менен Бишкек шаарынын комплекстүү социалдык-экономикалык өнүгүүсүн стратегиялык пландаштыруу жана камсыз кылуу, шаар экономикасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;

37) шаар куруу маселелерин, ошондой эле шаардын аймагында архитектура, курулуш, реконструкциялоо, көркөм жасалгалоо маселелерин чечүү;

38) ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте жана чектерде коомдук тартипти коргоодо жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда көмөк көрсөтүү;

39) мэрлердин орун басарларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын жетекчилеринин, шаардын жашоосун камсыз кылуучу муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин жетекчилеринин маалыматын жана отчетторун угуу;

40) бюджеттин, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын аткарылбагандыгынан улам Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна ылайык келүүсү жөнүндө маселени жана анын компетенциясына кирген башка маселелерди кароо;

 41) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысына жана жерине тыюу салууга чейинки чектөөлөрдү белгилөө;

42) сөөк коюу кызматтарын жана иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бекитүү.”;

КРнын мыйзамдары тарабынан жергиликтүү маанидеги маселелерге киргизилбеген жана мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген маселелерди чечүү.”;

36) 114-пункттагы “эки” деген сөз “төрт” сөз менен алмаштырылсын;

37) 117-пункттун 13-абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Шаардык кеңештин төрагасынын жана төраганын орун басарларынын сөз сүйлөө убактысы чектелбейт.»;

38) 122-пункттун д) пунктчасындагы "сөгүш" деген сөз "эскертүү" деген сөз менен алмаштырылсын;

39) 123-пункттагы:

в) пунктча төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«3) сессияда депутаттардын укуктарынын  жана сессиянын жыйындар залында тартиптин сакталышын кылууга;”;

төмөнкү мазмундагы пунктча менен толукталсын:

“4) сөз сүйлөө убакытты сактоосун, белгиленген убакыттын аяктагандыгы жөнүндө сөз сүйлөөчүгө өз убагында эскертүүнү камсыздоого;”;

40) 124-пункттагы:

г) пунктчанын 3-абзацындагы “шаардык кеңештин контролунда турган” деген сөздөр алынып салынсын;

төмөнкү мазмундагы пунктча менен толукталсын:

“9)  Депутаттык маселе тиги же бул  көйгөй боюнча маалымат алуу же түшүндүрүү үчүн депутаттын сунушу түрүндө киргизилет. Депутаттык маселе  протоколго ылайык, аны киргизген шаардык кеңештин депутатынын кол тамгасы менен  Бишкек шаарынын мэриясына жөнөтүлөт. Жөнөтүлгөн депутаттык маселенеин аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин аппарат жетекчисине жүктөлөт.”;

41) 127-пункттун 3, 4-абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Кезексиз сессияга киргизилүүчү маселелер шаардык кеңештин тийиштүү туруктуу комиссияларында алдын ала кароосуз, ошондой эле КРнын мыйзамдары тарабынан белгиленген ченемдерди сактоосуз каралышы мүмкүн эмес»;

42) 130-пункт “жана шаардык кеңештин сессиясы тарабынан бекитилет.”;

43) 135-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"135. Арыздар, билдирүүлөр жана кайрылуулар күн тартибинин «Ар түрдүү маселелер»  бөлүмүнүн алкагында каралат.”;

“Ар түрдүү маселелер” бөлүмүнө киргизилген ар бир маселеге 30 мүнөттөн көп эмес убакыт бөлүнөт.

Карап чыгуунун демилгечиси жок болгон учурда, маселе шаардык кеңештин сессиясынын кароосунан алынып салынат.”;

44) 137-пункттагы:

г) пунктча төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"4) каралып жаткан маселе боюнча талкууну токтотуу жөнүндө;";

ж) пунктча алынып салынсын;

төмөнкү мазмундагы пунктчалар менен толукталсын:

«10) добуш берүү жөнүндө;

11) добуш берүү ыкмасын өзгөртүү жөнүндө;

12) кворумду белгилөө жана добуштарды кайра саноо жөнүндө;

13) кайталап добуш берүү жөнүндө.»;

45) 138-пункт алып салынсын.

46) 141-пункттун 4-абзацындагы “жана стенограмма” деген сөздөр алынып салынсын;

47) 162-пункттун 2-абзацындагы “жана стенограмма” деген сөздөр алынып салынсын;

48) 166-пункттагы “эки” деген сөз “төрт” сөз менен алмаштырылсын;

49) 203-пункттагы "Шаардык финансы башкармалыгы" деген сөз "КРнын финансы министрлигинин Бишкек финансы башкармалыгы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

50) 218-пункттун 5-абзацындагы "Шаардык финансы башкармалыгы" деген сөз "КРнын финансы министрлигинин Бишкек финансы башкармалыгы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

51) 222-пункттун 2-абзацындагы “жана стенограмма” деген сөздөр алынып салынсын;

52) 232-пункттун 1-абзацындагы "кабыл алынган токтомду" деген сөздөр " кабыл алынган шаардык кеңештин токтомдорун, тескемелерин (актыларды)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

53) 236-пункт төмөнкүдөй  редакцияда берилсин:

“236. Шаардык кеңештин токтомдору КРнын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте расмий жарыяланууга тийиш.”;

54) 16-1, 16-2-главалар жана тийиштүү 239-1, 239-2, 239-3-пункттар алып салынсын;

55) 240-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 2-абзац менен толукталсын:

«Шаар бюджетинин долбоору КРнын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолунун, социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты коргоо программасынын, Бишкек шаарынын жашоо-турмушунун негизги багыттарын аныктоонун негизинде КРнын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык түзүлөт.”;

56) 243-пункттагы “өткөрүлүшү мүмкүн” деген сөздөр “өткөрүлөт” деген сөз менен алмаштырылсын”;

57) төмөнкүдөй мазмундагы 243-1, 243-2-пункттар менен толукталсын:

«243-1. Бишкек шаарынын мэри КРнын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге шаардык бюджеттин долбоорун кезектеги бюджеттин алдындагы жылдын 1-ноябрынан кечиктирбестен шаардык кеңештин кароосуна киргизет.

243-2. Шаардык бюджет жөнүндө токтом долбоору шаардык кеңеш тарабынан бир сессиянын ичинде толук талкуулоо тартибинде каралат.”;

58) 248-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“Шаардык кеңештин сессияларында жана президиумда  чакырылыштын чектеринде катар номер ыйгарыла турган протокол жана көрмө жазма жүргүзүлөт.

Сессиялардын жана президиумдардын жыйндарынын протколодорун жол-жоболоштуруу протоколдорду  жана көрмө жазмаларды жүргүзүү жана сактоо үчүн жооптуу шаардык кеңештин  кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.”;

59) 251-пункттагы “жана стенограмма” деген сөз алынып салынсын;

60) 251-1-пункт алынып салынсын;

61) 254-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“Протоколдордун түп нускалары шаардык кеңештин документ менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмүндө белгиленген тартипте сакталат. Шаардык кеңештин сессияларынын көрмө жазмалар көчүрмө дискте (терабайтта жана башка электрондук алып жүрүүлөрдө) уюштуруу бөлүмүндө, ал эми көчүрмөсү – шаардык кеңештин документ жүгүртүү жана контролдоо бөлүмүндөсакталат жана сессиянын материалдарына тиркелет.”;

  1.  

63) 277-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“277. Шаардын бюджетин, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын, калкты социалдык жактан коргоону жана Бишкек шаарынын мэринин компетенциясына кирген башка маселелерди аткарбагандыгы үчүн анын ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу жөнүндө сунуш киргизилиши мүмкүн.

Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна ылайык келүүсү жөнүндө чечим токтом түрүндө кабыл алынат жана КРнын Президентине жөнөтүлөт.”;

64) 277-1-пункт алынып салынсын;

65) 277-2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«277-2. Бишкек шаарынын мэрине ишенбөөчүлүк көрсөтүү тууралуу сунушту шаардык кеңештин фракциялары жана туруктуу комиссиялары киргизиши мүмкүн.

Бишкек шаарынын мэрине ишенбөөчүлүк көрсөтүү жөнүндө чечим жашыруун добуш берүү менен шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн эки добуш менен кабыл алынат.

Бишкек шаарынын мэрине ишенбөөчүлүк көрсөтүү жөнүндө чечим токтом түрүндө кабыл алынат жана КРнын Президентине жөнөтүлөт.”;

66) 281-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“281. Контролдук иш төмөнкү формаларда жүргүзүлөт:

шаардык кеңештин сессиясында маалыматты жана отчетторду угуу;

фракциялык суроо-талаптарды багыттоо.”;

67) 297- пункттун 2-абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“Шаардык кеңештин аппараты КРнын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде шаардык кеңештин сессиясында түзүлөт.”;

68) 299-пункттагы "Муниципалдык кызмат жөнүндө" деген сөздөр "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.”;

69) 301-1, 301-2-пункттар алып салынсын;

70) 304-пункттун 1-абзацындагы "регламент жана укук маселелери боюнча" деген сөздөр "регламент, этика, укуктук маселелери жана укук тартиби боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.”;

71) 305-пункттун 2-абзацындагы "регламент жана укук маселелери боюнча" деген сөздөр "регламент, этика, укуктук маселелери жана укук тартиби боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.”;

72)  306-пункттагы:

в) пунктча   алып салынсын;

г) пунктча төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «сессия аяктаганга чейин сөз берүү укугунан ажыратуу.»;

73) 309-пункт алынып салынсын;

74) Регламенттин бардык тексти боюнча:

пунктчалардын тамга белгилери цифралык белгилер менен алмаштырылсын;

"мыйзам" деген сөздүн алдына "КР" деген аббревиатура менен толукталсын;

"шаардык кеңеши" деген сөздүн алдында "Бишкек" деген сөз алынып салынсын;

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "КРнын Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

бардык текст боюнча "вице-мэр" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө жана сандарда "мэрдин орун басары" деген сөз менен  алмаштырылсын;

"комиссиялар" деген сөздүн алдына “туруктуу” деген сөз менен (убактылуу комиссиялар тууралуу сөз болгон пункттардан тышкары) тийиштүү сандарда жана жөндөмөлөрдө толукталсын.

 

3. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы жана анын орун басарлары  алар шайланган мөөнөттүн аягына чейин өз ыйгарым укуктарын сакташаары белгиленсин.

 

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                              К. К. Конгантиев