Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

 

ТОКТОМУ

 

2022-жыл 29 сентябрь № 51

Бишкек шаардык кеңешинин “Сыйлыктар боюнча Бишкек шаардык кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”

 

Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары боюнча комиссиянын ишин жөнгө салуу максатында, ошондой эле Бишкек шаарынын ардактуу жараны наамын ыйгаруу, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик тилде «Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын белгилөө жөнүндө» жобо бекитилсин.

 

2. Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 30-июнундагы № 75 "Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

а) токтомдун киришмесинде:

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" деген сөздөр "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

"Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 122 токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы" деген сөздөр алып салынсын.

б) Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 30-июнундагы № 75 "Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын белгилөө жөнүндө" токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары жөнүндө жобонун 29-пункту “фракция лидерлерин” деген сөздөн кийин “(жүйөөлүү себептер менен лидерлер жок болгон учурда, алардын орун басарларынын катышуучу укук ченемдүү)” деген сөздөр менен толукталсын».

 

3. Ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык мамлекеттик тилде «Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө» жобо бекитилсин.

 

4.  Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 10-октябрындагы № 111 “Жаңы редакциядагы “Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

а) токтомдун аталышындагы "жаңы редакциядагы" деген сөздөр алып салынсын;

б) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын Ардактуу жараны жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

“Жалпы жоболор” I главанын 4-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

 “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамынан ажыратуу  Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын, Бишкек шаарынын мэринин өтүнүчү боюнча, ардактуу наамдын ээси тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келген аракеттер жасалган учурларда, Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен чакыртылып алынышы мүмкүн.

“Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын чакыртып алуу тууралуу өтүнүчтү Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында бул маселени кароо тууралуу чечим кабыл ала турган сыйлыктар боюнча комиссия карайт.

Маселе тийиштүү профилдик комиссия карагандан кийин сессиянын кароосуна киргизилет.”;

1-пункттун 5-абзацы «сессияда бекитүү үчүн талапкерлердин тизмесине автоматтык түрдө киргизиле турган, » деген сөздөр менен толукталсын;

3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштарды Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы, Бишкек шаарынын мэри, Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары бир талапкерден, ошондой эле уюмдар, коомдук бирикмелер жана айрым граждандар өтүнүч катары киргизиши мүмкүн.»;

5-пунктта:

"Сунуш" деген сөз "Өтүнүч" деген сөз менен алмаштырылсын;

б) төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

«Бишкек шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө өтүнүчү менен төмөнкү документтер киргизилет:

Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 30-июнундагы № 75 "Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатына сыйлыктарды белгилөө жөнүндө" токтому менен бекитилген формадагы сыйлоо барагы;

кадрдык эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же сыйлануучунун таржымалы;

Бишкек шаарынын сыйлыктары, мамлекеттик сыйлыктары жана Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасы бар экендигин тастыктаган күбөлүк же башка тастыктоо:

сыйлануучунун паспортунун көчүрмөсү.»;

8-пункттагы "эки айдан кийин" деген сөздөр "бир айдан кеч эмес" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

9-пункттагы "жашыруун добуш берүү менен" деген сөздөр алынып салынсын;

10-пунктагы “7 талапкер” деген сөздөр “8 талапкер” (үч чакырылыштан кем эмес катары менен шайланган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары бул санга кирбейт)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

12-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин «12. “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамы жергиликтүү коомчулуктун сыйлыктарынын бири, Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган, ошондой эле мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон адамга ыйгарылат».

“Комиссиянын функциялары” IV глава төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын чакыртып алуу тууралуу өтүнүчту карайт.”.

 

5.  Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

 

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасынын убактылуу

милдетин аткаруучу                                                                   Ж. А. Абдраимов