Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

 

ТОКТОМУ

 

2022-жыл 29 сентябрь № 48

 

Бишкек шаарынын аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, үй-бүлөлүк маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

 

Шаардыктардын социалдык жана экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн, салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын аткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаарынын аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, үй-бүлөлүк маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2.  Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:

  1) квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 15-числосуна чейин жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалыматты Бишкек шаардык кеңешине берсин;

  2)  ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Ушул  токтом  каттоодон  өткөрүлсүн  жана  Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                              К. Конгантиев