Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2022-жыл 15-сентябрь № 44

                   

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын

15-августундагы ПЖ № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын  ишке ашыруу тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын  ишке ашыруу  үчүн, Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын курултайын даярдоо жана өткөрүү максатында, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Элдик Курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын курултайын (мындан ары - Курултай) 2022-жылдын 5-ноябрына (ишемби), саат 10:00дө, Чүй проспекти, 251 дарегинде (Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония) өткөрүү белгиленсин.

 

2. 1-тиркемеге ылайык курамда Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын  курултайын даярдоо жана өткөрүү боюнча комиссия түзүлсүн.

 

3. Курултайга өкүлчүлүктүн чени делегаттардын 800 санында белгиленсин.

 

4. 2-тиркемеге ылайык Курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн Бишкек шаарынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрүнүн жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүү графиги бекитилсин.

 

5. Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссия:

2022-жылдын 25-октябрына чейинки мөөнөттө  Курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамаатынын жыйындарын жана чогулуштарын өткөрсүн;

боло турган Курултай тууралуу Бишкек шаарынын калкын маалымдоо боюнча тийиштүү ишти жүргүзсүн;

Курултайда аны бекитүү үчүн Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын курултайынын күн тартибинин долбоорун иштеп чыксын.

 

6. Бишкек шаарынын мэриясы Курултайды уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан уюштуруу жана финансылык маселелерди чечсин.

 

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы  К. К. Конгантиевге,  Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. К. Абдиевге жана биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөсү, Бишкек шаарынын мэри Э. М. Абдыкадыровго жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                            К. Конгантиев