Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2022-жыл 29-июнь № 42

 

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 9-июлундагы № 339

“Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө  жана Бишкек шаарында жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга жарандардын кезектүүлүгүн түзүү тартиби жөнүндө жоболорун  бекитүү тууралуу” токтомуна  өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

 

Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү маселелерин жөнгө салууну жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынае ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 9-июлундагы № 339 “Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жана Бишкек шаарында жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга жарандардын кезектүүлүгүн түзүү тартиби жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

 

2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын  мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте, үч айлык мөөнөттө Бишкек шаардык кеңешине жогоруда бекитилген жобо боюнча сунуш киргизсин.

 

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын  мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык мүлк, жер пайдалануу, курулуш жана архитектура маселелери боюнча Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасынын орун басары                                                    Ж. А. Абдраимов