Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2022-жыл 29-июнь № 40

 

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 “Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы  № 141 “Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1-пункт төмөнкү мазмундагы 5- жана 6-абзацтар менен толукталсын;

“4-тиркемеге ылайык, жер участоктор үчүн ижара акысынын коюмдары;

5-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын экономикалык зоналарынын чектери.”, 4- жана 5-тиркемелер ушул токтомдун 1- жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;

2-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

3-пункт 2-абзацы күчүн жоготту деп табылсын.

 

2. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 токтому менен бекитилген “Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жобого төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

киришмедеги “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” сөздөр “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” сөздөр менен алмаштырылсын;

 

4-пунктта:

10-абзацтагы “жер пайдалануу жана куруу эрежелеринин” деген сөздөр алып салынсын;

34-абзац алып салынсын;

40-абзацтагы “жана жерди пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери” деген сөздөр алып салынсын;

45-абзацтагы “берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү,” деген сөздөр “берилген аймактык орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

55-абзацтагы “жер пайдалануу жана куруу эрежелерине,” деген сөздөр алып салынсын;

10-пункттун 2-абзацындагы  “жана жер пайдалануу, куруу эрежелерине” деген сөздөр алып салынсын;

11-пункттагы “жана жер пайдалануу, куруу эрежелерине” деген сөздөр алып салынсын;

18-пункттун 13 абзацындагы “, ошондой эле жер пайдалануу жана куруу эрежелерине шайкеш келүүсү” деген сөздөр алып салынсын;

20-пункттагы “, ыйгарым укуктуу органдын атайын эсебине” деген сөздөр “арыз ээсинен” деген сөздөр менен  алмаштырылсын;

72-пункт  төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

“Ижара төлөмдөрүн эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:

Аб = П х С, мында:

АБ-базалык ижара акысынын өлчөмү (сом менен);

П-жер участогунун аянты чарчы метр;

С-чарчы метр үчүн ижара акысынын ставкасы (4-тиркеме).”;

73-пункт  төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

“Келишимде көрсөтүлгөн көп багыттуу жер участоктор бир функционалдык багыты боюнча аянтын аныктоосуз (бөлүштүрүүсүз) болгон учурда,  мындай жер участокту пайдалангандыгы үчүн ижара акыны эсептөө  объектти эксплуатацияга киргизгенге чейин функционалдык багытынын саны боюнча тең үлүштөргө жер участоктун аянтын шарттуу бөлүү менен жүргүзүлөт.

Эксплуатацияга киргенден кийин:

жер участокто бир канча объекттер бар болгон учурда, объектти макулдашылган Башкы планга ылайык  функционалдык багыттын коэффициенти пропорцианалдуу колдонулат;

объектте көп функционалдуу имарат бар болгон учурда, ижара акыларды эсептөө жер участоктогу имарат үчүн функционалдык багыттын эң жогорку  коэффициентин колдонуу менен жүргүзүлөт.”;

76-пункттагы “жана ошол бюджеттен 10 пайызы ыйгарым укуктуу органдын атайын эсебине жөнөтүлөт” деген сөздөр алып салынсын;

77-пункт күчүн жоготту деп табылсын.

 

3. Бишкек шаарынын мэриясы 2022-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө Бишкек шаарынын экономикалык зоналарынын чектеринин жаңы чиймелерин жана экономикалык зоналардын тилкесинде ар кандай функционалдык багыттагы жер участоктор үчүн ижара акынын ченин иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын кароосуна киргизсин.

 

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык менчик маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасынын орун басары                                                          Ж. А. Абдраимов

 

Тиркемелер:

- Тиркеме № 1 к 141 от 29.06.2022 г. № 40 (.xlsx 16 кб)

- Тиркеме № 2 к 141 от 29.06.2022 г. № 40  (.docs 18 кб)