Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2022-жыл 29-июнь № 38

 

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 137 “Жер участоктордун чек араларын, функционалдык багытын өзгөртүү жана алмаштыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 137 “Жер участоктордун чек араларын, функционалдык багытын өзгөртүү жана алмаштыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр  киргизилсин:

а)  киришмедеги “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” сөздөр “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” сөздөр менен алмаштырылсын;

б) 2-пунктун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

в) 3-пункт күчүн жоготту деп табылсын.

  1. Жогорудагы токтом менен бекитилген Жер участоктордун чек араларын, функционалдык багытын өзгөртүү жана алмаштыруу тартиби жөнүндө жободого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр  жана толукутоолор киргизилсин:

а) 3-пункттагы:

25-абзац алып салынсын;

29-абзацтагы “жана жер пайдалануу, куруу эрежелерине” деген сөздөр алып салынсын;

32-абзацтагы “берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү,” деген сөздөр “берилген аймактык орган” деген сөздөргө алмаштырылсын;

36-абзацтагы “жана жер пайдалануу жана куруу эрежелерине” деген сөздөр алып салынсын;

б) 6-пункттагы в) пунктчасы алып салынсын;

в) 9-пункттагы “жана жер пайдалануу жана куруу эрежелерине” деген сөздөр алып салынсын;

г) 10-пункттагы “жана жер пайдалануу жана куруу эрежелерине” деген сөздөр алып салынсын;

д) 11-пункттагы 17-абзац алып салынсын;

е) 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“12. Ушул жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар чек араларды өзгөртүү, жер участогунун функционалдык багыты же жер участогун алмаштыруу мүмкүнчүлүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө келип түшкөн суроо-талаптарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларды карайт.

Чек араларды өзгөртүү, функциялык дайындоо же жер участогун алмаштыруу мүмкүн болбогон учурда, анын ичинде чектөөлөр болгондо (Бишкек шаардык кеңешинин, Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдери, укук коргоо жана сот органдарынын актылары) арыз катталган учурдан тартып 5 жумушчу күндүн ичинде даттануу тартибин көрсөтүү менен арыз ээсине негиздүү баш тартуу жиберет.

Чек араларды өзгөртүү, функциялык дайындоо же жер участогун алмаштыруу мүмкүн болгон учурда, 5 жумушчу күн ичинде арыз ээси тарабынан берилген документтерди архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга белгиленген тартипте макулдашуу же түзүү үчүн жөнөтүүгө милдеттүү.”;

ж) 14-пункттагы:

в) пунктчасындагы “ошондой эле жер пайдалануу жана куруу эрежелерине ылайык келүүсү” деген сөздөр алып салынсын;

22 - абзацтагы “эки” деген сөз “үч” деген сөзгө алмаштырылсын;

з) 15-пункттагы 3-абзац алып салынсын;

и) 17-пункттагы “өзгөртүү киргизүү” деген сөздөрдөн кийин “же алмаштыруу” деген сөздөр менен толукталсын;

к) 18-пункттагы “ыйгарым укуктуу органдын атайын эсесбине” деген сөздөр “арыз ээсинен” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

л) 20-пункттагы “15” деген цифра “7” деген сан цифра менен алмаштырылсын;

м) 21-пункттагы “ыйгарым укуктуу органга” деген сөздөр “арыз ээсине” деген сөз менен алмаштырылсын;

н) 23-пункттагы:

“ошондой эле” деген сөздөрдөн кийин “жер участогун берүү мыйзамсыз болгон учурда, көзөмөл жана сот органдарынын жүйөлүү чечимдеринин,” деген сөздөр менен толукталсын;

“көрсөтүлгөн жагдайлар” деген сөздөрдөн кийин “ушул жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн.”;

о) 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“24. Берилген жер участогунун аянты мурда берилген жер участогунун же алмаштырылуучу жер участогунун жалпы аянтынан ашпашы жана коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн алынуучу экономикалык-пландоо зонасында жайгашпашы керек. Ошентип, теңдеш жер участокту берүү комиссиянын чечими менен аныкталат.

Муниципалдык менчикте турган жер участокту мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алынып коюла турган жеке менчикте турган жер участокко алмаштырууга жол берилет. Ошентип, жеке менчикте турган жер участок муниципалдык менчик жерлерине которулат, ал эми жеке же юридикалык жакка анын ордуна берилген жер участок тиешелүү укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө менен бул жактын жеке менчигине которулат.

Пайдалануунун белгилүү бир түрү үчүн жер участогу ижарага берилген же тоорукта ижара келишими түзүлгөн ижарачы шаар куруу регламентинде каралган түрлөрдүн тизмегинин алкагында жер участоктун функционалдык багытын өзгөртүүгө укуктуу.”;

п) 28-пункттагы “берүү” деген сөз “алмашуу” деген сөзгө алмаштырылсын;

р) 29-пункттагы “ыйгарым укуктуу органдын эсебине” деген сөздөр “арыз ээсинен эсебине” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

с) 30-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

“Ижара төлөмдөрдү кошуп эсептөө Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы №141 “Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген эсептерге ылайык жүргүзүлөт.”;

т) 31-пункттагы “15” деген цифра  “7” деген цифра менен  алмаштырылсын;

у) 32-пункттагы “ыйгарым укуктуу органга” деген сөздөр “ижарачыга” деген сөз менен алмаштырылсын;

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык менчик маселесин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасынын орун басары                                                          Ж. А. Абдраимов