Бишкек шаардык кеңешинин регламентинин, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп Сатыбалдиева Гульнара Терекбаевна бекитилсин.
2. Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 4 “ХХVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесинин 6-пунктунун 3-абзацындагы “ Чеченова Мадина Жамаловна” деген сөздөр “Сатыбалдиева Гульнара Терекбаевна” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Төрага К. Конгантиев