БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жыл 26 май № 31
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2023-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жана 2024-2025-жылдарга болжолу тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Бишкек шаарынын мэриясы:
«Бишкек Live» жана «Трафик KG» мобилдик тиркемелерин иштеп чыксын жана ишке киргизсин;
муниципалдык менчиктин ачык электрондук базасын жана Бишкек шаарынын инвестициялык картасын түзсүн;
муниципалдык кызматкерлердин эмгегин баалоо үчүн так индикаторлорду иштеп чыксын жана ишке ашырсын;
2024-жылга чейин турак жай конуштарынын статусунан толугу менен баш тартуу жана аларды шаардын кичи райондорунун катарына киргизүү маселесин карасын;
калктын социалдык аярлуу катмарын түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн эң керектүү тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу үчүн “Муниципалдык павильондор” долбоорун иштеп чыксын;
жаңы кичи район курулса, аны “Манас Сити” деп атоо тууралуу маселени карасын;
шаардын мектептеринин ар бир окуучусуна окуу мезгилинде белгилүү 30 музейдин ар бирине барууга мүмкүнчүлүк берүүчү программаны иштеп чыксын жана ишке ашырсын;
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан жаңы суу соргуч горизонтторду өздөштүрүү тууралуу маселени изилдеп иштеп чыксын;
жеке адамдардын коомдук транспортту лизингге алуусу боюнча программаны иштеп чыксын;
окуучуларга бекер жүрүүнү же мектеп автобустары менен камсыздоо маселесин карасын;
шаардын борбордук бөлүгүн маршруттук таксилерден бошотуу жана аларды жаңы автобустар менен камсыз кылуу, 2 айланма жолду тууралуу түзүү маселени карасын;
«Кумайык» программасын иштеп чыксын жана ишке ашырсын;
2023-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетинин долбоорун даярдоодо бүтө элек курулуш объектилерине артыкчылык берсин;
шаар боюнча 1250 видео байкоо камераларын орнотууну камсыздасын;
50 км тротуар жана 25 км веложолчолорду курууну камсыздасын;
Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан белгиленген тартипте жол жумуштары башталган же акча каражаттары бөлүнгөн көчөлөрүндө жол тилкесин реконструкциялоо жана асфальт төшөө боюнча ишти аяктасын;
Бишкек шаарынын Чоң Чүй каналын гидроизоляция жүргүзүү маселесин карасын;
2023-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2024-2025-жылдарга болжолун ишке ашырууну камсыздасын;
2023-жылдын жыйынтыктары боюнча Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчётту Бишкек шаардык кеңешине берсин.
- Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы К. Конгантиев
Тиркемелер: