Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» жана «Автомобиль транспорту жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу тутумун жакшыртуу, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жана маданиятын жогорулатуу, жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишти тартипке келтирүү жана жөнгө салуу максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

         1. Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого сынактарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

         2. Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 50 «Ачык сынактын негизинде Бишкек шаарынын каттамдарын бөлүштүрүү жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.

         3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

         4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жана  транспорт маселесин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Төрага                                                                                     К. Конгантиев