Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2022-жыл 5  апрель № 22

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамалекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясындагы түзүмдүк өзгөрүүлөрдү эске алып, Бишкек шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 20-февралындагы № 153 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту жана 2-тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын.

2. “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө” жобого төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

а) 2.3. – пункттун биринчи абзацындагы:

орус тилиндеги текстинде “Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы” (мындан ары - башкармалык) деген сөздөр  “Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын”;

кыргыз тилиндеги текстинде “Башкармалыкка” деген сөз “ыйгарым укуктуу органына” деген сөздөр менен алмаштырылсын, ошондой эле “каражаттарды эсептен” деген сөздөрдөн кийин “чыгаруу” деген сөз менен толукталсын.

б) 2.3. – пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: “Эсептен чыгарууга материалдар милдеттүү түрдө негизги каражаттарды эсептен чыгаруу процедурасын демилгелеп жаткан мекеменин, уюмдун же ишкананын жетекчисинин кол коюусу менен боо өткөрүлүп байлануу, номерленүү жана бардык болгон документтерди тизмелөө менен көктөлүү болушу керек.”.

в) бардык текст боюнча “Башкармалык” деген сөз “Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

г) 2.4. – пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин: “2.4. 1000ге (бир миңге) чейинки наркы менен негизги эсептик көрсөткүчтөрдү (автотранспорттук каражаттардан тышкары) эсептен чыгаруу боюнча жумушчу комиссиялардын курамы эсептен чыгаруу процедурасын демилгелеп жаткан мекеменин, уюмдун же ишкананын жетекчисинин буйругу менен түзүлөт, негизги каражаттардын реестрине киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлө турган негизги каражаттар тууралуу акт түзүлөт.”.

д) 2.5. – пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин: “2.5. 1000 (бир миңден) жогору наркы менен негизги эсептик көрсөткүчтөрдү эсептен чыгаруу боюнча жумушчу комиссиялардын курамы комиссиянын төрагасы катары муниципалдык менчик маселелерин тейлеген вице-мэр жана комиссиянын мүчөсү катары негизги каражаттарды эсептен чыгарууну демилгелеп жаткан мекеменин, уюмдун жана ишкананын маселелерин тейлеген вице-мэр киргизилиши керек болгон Бишкек шаарынын мэриясынын буйругу менен бекитилет”.

е) 2.7. – пункттун үчүнчү абзацы “ишканага” деген сөздөн кийин “же мекемеге” деген сөз менен толукталсын.

ж) 2.7. – пункттун жетинчи абзацындагы “жүргүзүлгөн” деген сөздүн алдында “капиталдык ремонт жүргүзүлгөн учурда” деген сөздөр менен толукталсын.

з) 2.8. – пункттун экинчи абзацындагы “өткөрүп берүү, бөлүктөргө ажыратуу, ж.б.” деген сөздөр “металл таштандыларына тапшыруу, экинчи сырьену кайра иштетүү” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

и) 3.2. – пункттун төртүнчү абзацы төмөндөгүдөй редакцияда берилсин: “2.8. – пунктунда көрсөтүлгөн эсептен чыгарылган негизги каражаттарды сатуудан алынган каражаттар жергиликтүү бюджеттин эсебине киргизилет, ал эми негизги каражаттардын өзүнчө объекттерин ажыратуудан алынган материалдар тийиштүү уюмдун башкаруусунда калат.”;

к) 3.3. – пункттун үчүнчү абзацындагы “(металл таштандыларга өткөрүү, жок кылуу ж.б.)” деген сөздөр “(металл таштандыларына тапшыруу, экинчи сырьену кайра иштетүү, өткөрүп берүү жана жок кылуу)” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык  кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана транспорт жана муниципалдык менчик маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                                                                 К. Конгантиев