2022-ж. 5-апрель
Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын 112-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамына ылайык, «Бишкекжылуулуктармак» ААКсы тарабынан жер алдындагы өтмөк аркылуу магистралдык жылуулук тармакты куруу себеби боюнча жабылган Лев Толстой жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктү калыбына келтирүү жана ачуу, жөө адамдардын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле, мындан ары Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарынын окуучуларынын катышуусу менен жол-транспорттук кырсыктарды болтурбоо максатында, «Бишкекжылуулуктармак» ААКсынын 2021-жылда жасаган иши жана 2022-жылга пландары тууралуу отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Бишкекжылуулуктармак» ААКсынын 2021-жылда жасаган иши жана 2022-жылга пландары тууралуу отчету канаттандыраарлык эмес деп табылсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясы, «Бишкекжылуулуктармак» ААКсы:
Лев Толстой жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктү калыбына келтирүү жана ачуу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн;
Лев Толстой жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктү калыбына келтирүү «Бишкекжылуулуктармак» ААКсынын каражаттарынын эсебинен жүргүзсүн;
көрүлгөн чаралар тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин турак жай коммуналдык чарба, отун-энерегетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясын маалымдасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай коммуналдык чарба, отун-энерегетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына, турак жай коммуналдык чарба маселелерин тейлеген вице-мэрге жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кенешинин төрагасы К. Конгантиев