Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2022-жыл 5  апрель № 21

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинин объекттерин сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 18 жана 19-статьяларына, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эски жана авариялык категорияга кирбеген муниципалдык имараттарды, курулмаларды негизги каражаттардын балансынын эсебинен чыгаруу, бузуу жана демонтаждоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссияга, санариптештирүү жана транспорт, шаар куруу жана архитектура маселелерин тейлешкен Бишкек шаарынын вице-мэрлерине жүктөлсүн.

Төрага                                                                                      К. Конгантиев