Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңешинин

2021-жылдын 2-ноябрынын

ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын  2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу"  жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 22-октябрындагы Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуусун эске алып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүк органынан Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин жете комплекттөө үчүн талапкерлердин тизмеси Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына берилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Төрага                                                                                      К. Конгантиев