Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңешинин

2021-жылдын 14-октябрындагы

ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын  2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу”  жобону жетекчиликке алып, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 27-сентябрындагы Бишкек шаарынын шайлоочуларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органына, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдарына жана саясий партияларга  кайрылуусун эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 1-, 2-, 3-, 4 - тиркемелерге ылайык, Бишкек шаарынын шайлоочулар чогулушунан, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдардан көрсөтүлгөн  Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерин жете комплекттөө үчүн талапкерлердин тизмеси Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына берилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Төрага                                                                                     К. Конгантиев

2021-ж. 14-октябрь