Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңешинин

2021-жылдын  28-сентябрындагы № 10

ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 5, 13 жана 58-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 12-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  С. Н. Жапаровдун Бишкек шаарынын мэриясына берилген 2020-жылдын 11-ноябрындагы № Ж-2129 тапшырмасын аткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.   Бишкек шаары, Анкара көчөсү № 20/2 үй, № 112 батир дарегинде жайгашкан идентификациялык коду 1-04-15-0037-0527-03-112 муниципалдык турак жай акысыз негизде менчиктештирүү жолу менен, Бишкек шаарында 2020-жылдын 5-6-октябрында болгон массалык баш аламандыктын жүрүшүндө каза болгон Алтынбек уулу Үмүтбектин атасы Алтынбек Алимбаевич Джуматаевдин менчигине өткөрүлүп берилсин.

2.   Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн муниципалдык турак жайды белгиленген тартипте акысыз негизде менчикке өткөрүп берүү келишимин түзсүн.

3.   Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеӊешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шааркуруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын тейлеген вице-мэрине жүктөлсүн.

Төрага                                                                                 К. Конгантиев