2019-ж. 12-февраль
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Төмөнкүлөр “этика” деген сөз менен толукталсын:
- Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 11-мартындагы № 220 “Бишкек шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча материалдарды жана сунуштарды кароо боюнча комиссиянын курамы жөнүндө” токтомунун тиркемесинин 9-абзацы “регламент,” деген сөздөн кийин;
- Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 3 “Бишкек шаардык кеңештин түзүмүн бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесинин биринчи тилкеси “регламент,” деген сөздөн кийин;
- Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 37 “Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктары жөнүндө” токтомунун 7-тиркемесинин 3-пунктунун 6-абзацы “регламент,” деген сөздөн кийин;
- Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 77 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесинин 1-пунктунун 1-абзацы “регламент,” деген сөздөн кийин;
- Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 21-ноябрындагы № 78 “XXVII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесинин 1-пунктунун 1-абзацы “регламент,” деген сөздөн кийин.
- Бишкек шаардык кеңештин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө Бишкек шаардык кеңештин регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын аталышына өзгөртүүнү киргизүүнү эске алсын.
- Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 1999-жылдын 28-декабрындагы №15 “Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялары жөнүндө жобо тууралуу” жана 2004-жылдын 5-ноябрындагы №4 “Туруктуу комиссиялардын тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.
- Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону Бишкек шаардык кеңештин регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына (Э. А. Досалиев) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Ж. Б. Абиров