Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, ошондой эле 2019-жыл үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын отчетун угуп чыгып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2019-жыл үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын отчету канааттандыраарлык эмес деп табылсын.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы:

балдардын тамактануусун өз убагында жана сапаттуу уюштуруу боюнча  көйгөйдү чечүү максатында, мамлекеттик сатып алууларды өткөрүү процедурасы жана тамактанууну уюштуруу менен алектене турган тамактануу жаатындагы тийиштүү адистерди (технологдор, медициналык кызматкерлер жана башка адистер) тартуу менен,  адистештирилген түзүмдүк бөлүмдү (мекеме, ишкана же бөлүм) түзүү жолу менен Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарында ысык тамак уюштуруу тутумун өзгөртүү боюнча сунуш киргизсин;

билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүүчү жалпы билим берүү уюмдарынын иши үчүн контролду күчөтсүн.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана социалдык маселелерди тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Төрага                                                                                      Ж. Б. Абиров