Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамын, Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын чечимдеринин негизинде, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Төмөнкүлөр бекитилсин:
социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы болуп – Аматов Рысбай Аматович;
муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары болуп – Исмаилов Сайдахмат Аблезович.
- Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы № 78 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 3-пункттун 2-абзацындагы “Исмаилов С. А.” деген сөздөр “Аматов Р. А.” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 5-пункттун 3-абзацындагы “Аматов Р. А” деген сөздөр “Исмаилов С. А.” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Төрага Ж. Б. Абиров