Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаарындагы айлана-чөйрөгө транспорттун таасири, ташуулардын интенсивдүү өсүүсү, атмосфералык абага  булганыч  заттарды чыгаруунун курамы жана көлөмү боюнча атайын техникалык регламенттердин талаптарына жооп бербеген транспорттук каражаттардын көбөйүүсү, ошондой эле төмөнкү сапаттагы отунду алып келүү менен татаалдашып жатат.

От жагуу мезгилинин башталуусу менен атмосфералык абанын булгануусунун үлүшү жеке секторго туура келет, ушуга байланыштуу, бардык конуштарды тез арада газификациялоо жана газ менен камсыздоо кырдаалды өзгөртүү үчүн чоң роль ойнойт.

Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодекси тарабынан көрктөндүрүүнү коргоону башкаруу чөйрөсүндөгү тартип бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каралат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Чүй-Бишкек аймактык башкармасынын маалыматына ылайык, акыркы жылдары жашылдандыруу, көрктөндүрүү, айлана-чөйрөгө жана жаратылышты пайдаланууга камкор мамиле кылууну пропагандалоо, атмосфералык абаны жана суу ресурстарын коргоо, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, айлана-чөйрөнүн абалына мониторинг жүргүзүү боюнча ишти өзүнө камтыган жаратылышты коргоо иш-чараларын каржылоо төмөндөгөндүгү байкалат (ошону менен бирге жаратылышты коргоо иш-чараларына республикалык бюджетке жылына 150 млн. сом түшөт). Жыйынтыгында 2019-жылы бул багытта толук кандуу ишти жүргүзүү мүмкүн болбогондукка байланыштуу жогоруда айтылган бардык иш-чараларга каражат бөлүнгөн эмес. Бүгүнкү күндө каражаттар республикалык бюджетте топтолот жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги аркылуу бөлүштүрүлөт. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Бишкек шаарынын пайдасына каражаттарды бөлүштүрүү маселесин кароо жөнүндө кайрылуу сунушталат.

Кыргыз Республикасынын “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесинин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көчмө каражаттардын жана орнотмолордун атмосфералык абага зыяндуу таасирин азайтуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат.

Бишкек шаарынын мэриясынын отчетун угуп, көпчүлүк коалициядан, фракциялардан жана туруктуу комиссиялардан  Бишкек шаардык кенешинин депутаттары тарабынан киргизилген сунуштарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Бишкек шаардык кенешинин регламентине ылайык, Бишкек шаардык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек шаарындагы абанын сапатына байланыштуу түзүлгөн катастрофиялык кырдаалды талкуулоо максатында, экологиялык абал маселеси боюнча отчету эске алынсын.
  2. Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек шаарынын тийиштүү түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн Бишкек шаарындагы экологиялык коопсуздук үчүн дайыма контроль жүргүзүү боюнча жетишсиз иши белгиленсин.
  3. Бишкек шаарынын мэриясы кызыкдар  Бишкек шаарынын тийиштүү түзүмдүк жана аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирге, экологиялык коопсуздукту камсыздоо максатында белгиленген тартипте:

а) борбордо атмосфералык абанын сапатын жакшыртууга багытталган биринчи кезектеги чараларды иштеп чыгуу боюнча жумушчу комиссия түзсүн;

б) биринчи кезектеги чараларды иштеп чыгууда жумушчу комиссия “Республика-Ата Журт” фракциясы, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан киргизилген сунуштарды, анын ичинде маселелер боюнча төмөнкүлөрдү эске алсын:

атмосфералык абага чыгарган булгоочу заттардын чыгарууларын азайтуу боюнча перспективдүү иш-чаралар планын иштеп чыгууну;

курулушту перспективдүү пландаштырууда, Бишкек шаарын өнүктүрүүдө жана реконструкциялоодо физикалык-географиялык шарттардын, атмосфералык абаны коргоо боюнча санитардык-гигиеналык жана башка ченемдерге ылайык аны өзгөртүү божомолдордун так учетун;

борбордун экологиялык жагдайын жакшыртуу боюнча чаралар комплексин кабыл алуу үчүн борбордо экологиялык жагдай жөнүндө маселени, анын ичинде: катализаторлордун болуусуна транспорттук каражаттарды текшерүүнү күчөтүү, атмосфералык абагабулганычзаттарды чыгаруунун курамы жана көлөмү боюнча атайын техникалык регламенттердин талаптарына жооп бербеген транспорттук каражаттардын чыгарууларын өлчөө, техникалык кароону, ташылып келип жаткан катуу отундун (көмүрдүн) сапатын контролдоонукиргизүү, ЖЭБ-2ни калыбына келтирүү, Бишкек шаары боюнча жаратылышты коргоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн каралган акча каражаттарды бөлүүнү камсыздоо боюнча маселелерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү;

в) тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке төмөнкүлөрдү кароо мүмкүнчүлүгүн өтүнүү менен кайрылсын:

Бишкек шаарынын жашоочулары үчүн газдын наркын төмөндөтүү, газга туташтырууга кызматтарга жеңилдетилген тарифтерди киргизүү;

от жагуу мезгилинде калк үчүн электр энергиясын керектөөнүн лимитин көбөйтүү;

үч фазалуу кошулуу кызматы үчүн акы төлөөнү жокко чыгаруу;

г) катуу отунду пайдалануучу жеке турак секторду жана башка ишканаларды газификациялоо боюнча ишти күчөтсүн;

д) Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 30-ноябрындагы № 45 “2017-2025-жылдарга Бишкек шаарынын жашыл фондун өнүктүрүү” концепциясын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген 2017-2025-жылдарга Бишкек шаарынын жашыл фондун өнүктүрүүконцепциясын ишке ашыруу планын Бишкек шаарындагы экологиялык коопсуздукту эске алуу менен иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизсин;

е) Бишкек шаарынын аймагында жашыл бак-дарактарды отургузуунун санын көбөйтүү, сейилбактарды жана гүлбакчаларды уюштуруу боюнча иш жүргүзсүн;

ж) Бишкек шаарынын аймагында жалбырактардыжана синтетикалык материалдарды өрттөөлөрдү текшерүү боюнча Бишкек шаарынын тийиштүү түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн иштерин күчөтсүн;

з) 2020-жылдын 1-мартына чейин ушул токтомдун аткарылышы боюнча көрүлүүчү чаралар жөнүндөБишкек шаардык кеңешинемаалымат берсин.

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар боюнча министрлигине караштуу гидрометрология боюнча агенттикке  кыска мөөнөттүн ичинде булгоочуларды пайыздык катыш боюнча булактарын (ЖЭБ, жеке үйлөр, автоунаалар) аныктоо менен атмосфералык абанын абалы боюнча мониторинг жүргүзүү сунушталсын.
  2. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча Бишкек шаардык кеңешине ай сайын маалымат берилсин.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак-жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана турак-жай-коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана транспорт маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрлерине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                              Ж. Б. Абиров