Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңешинин азыркы токтомдоруна жүргүзүлгөн инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча, иштөө мөөнөттөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын  азыркы мыйзамынын өзгөргөндүгүн эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:

1996-жылдын 26-июлундагы №49 “Калкты тейлөө боюнча шаардык жүргүнчүлөр транспортунун иши жөнүндө”;

1996-жылдын 26-июлунундагы №51 “Бишкек мамлекеттик администрациясынын 1995-жылдын 6-июлундагы №326 "Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн айып санкцияларынын өлчөмдөрүн көбөйтүү жөнүндө" токтому тууралуу”;

1997-жылдын 23-майындагы №78 “Борбордогу экологиялык абал жана жаратылышты коргоо боюнча шаардык инспекциянын иши жөнүндө”;

2000-жылдын 21-июнундагы №7 “Шаардык жүргүнчүлөр автотранспортунда шаардыктарды тейлөө боюнча иштердин абалы жөнүндө”;

2001-жылдын 23-мартындагы №26 “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын шаардыктарды ичүүчү суу менен сапаттуу камсыздоо боюнча иши жөнүндө”;

2001-жылдын 17-апрелиндегы №64 "Бишкекжылуулуккоммунэнерго" башкармалыгынын жана Бишкек жылуулук тармактары ишканасынын иши жөнүндө”;

2001-жылдын 17-апрелиндеги №66 “Эксперимент катары киргизилген Бишкек шаарындагы тиричилик таштандыларды ташып чыгарууга жана утилизациялоого тарифтердин иштөөсүн узартуу жөнүндө”;

2001-жылдын 6-июлундагы №80 “Эксперимент тартибинде киргизилген Бишкек шаарында таштандыларды ташып чыгарууга жана утилизациялоого тарифтердин иштөөсүн узартуу жөнүндө”;

2002-жылдын 30-январындагы №98 “Бишкек шаардык телефон тармагынын шаардыктарды тейлөө боюнча иши жөнүндө”;

2002-жылдын 27-июнундагы №52 “Бишкек шаарын көрктөндүрүү комбинаттарынын иши жөнүндө”;

2003-жылдын 19-мартындагы №169 “Лифттерди пайдалангандыгы үчүн тарифтерди мыйзамсыз жогорулатылышы жөнүндө”;

2003-жылдын 29-апрелиндегы №70 “Шаарсууремчарба" өндүрүштүк ишканасынын иши жөнүндө”;

2004-жылдын 28-майындагы №97 “Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин Президиумунун 2003-жылдын 29-апрелындагы №70 “Шаарсууремчарба"  өндүрүштүк ишканасынын иши жөнүндө” токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө”;

2004-жылдын 9-июлундагы №240 “Бишкек шаарынын көрктөндүрүү комбинаттары тарабынан бюджеттик каражаттарды пайдаланылышы жөнүндө”;

2004-жылдын 9-июлундагы №242 “Темир бетон буюмдардын жана жарандык тейлөө комбинатынын иши жөнүндө”;

2004-жылдын 9-июлундагы №243 “Бишкек шаарынын жүргүнчүлөр транспортун өнүктүрүүнүн концепциясын бекитүү жөнүндө”;

2005-жылдын 4-июлундагы №91 “Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагында "Тиричилик таштандыларды чогултуу, ташуу жана кайра иштетүү боюнча комплекстүү технологиялык система" пилоттук долбоорун жайылтуу жөнүндө”;

2005-жылдын 3-октябырындагы №116 “Кыргызлифт” ачык акционердик коомунун иши жөнүндө»;

2007-жылдын 4-апрелидеги № 262 "Бишкексвет" муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө”;

2007-жылдын 15-октябырындагы №356 “2006-2016-жылдарга Бишкек шаарынын имараттары үчүн энергиялык натыйжалуулугу боюнча муниципалдык программа жөнүндө”;

2008-жылдын 16-январындагы №390 “2008-2016-жылдарга Бишкек шаарынын турак жай фондунун лифт чарбасын өнүктүрүү” шаардык программасы жөнүндө”;

2008-жылдын 18-февралындагы №419 “2008-2010-жылдарга Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарбасын жана жашоо-тиричиликти камсыздоо тутумун өнүктүрүү концепциясын жактыруу жөнүндө”;

2008-жылдын 18-фервалындагы №420 “Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 15-январаныдагы №391 “Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгарууга жана утилизациялоого тарифтер жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу";

2008-жылдын 24-апрелиндеги №432 “2008-2010-жылдарга шаардык аймакты көрктөндүрүүнү, күтүүнү жана жыйноону өнүктүрүү копцепциясын бекитүү жөнүндө”;

2009-жылдын 30-июнундагы №76 “Троллейбустарды сатып алуу жөнүндө”;

2009-жылдын 2-декабырындагы №106 “Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүндөгү турак жана турак эмес жайлардын ээлерине муниципалдык лифттерди жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп берүү тартиби жөнүндө" жобону иштеп чыгуу боюнча комиссия түзүү жөнүндө”;

2009-жылдын 29-мартындагы №172 “Бишкек шаарынын мэриясынын Турак-жай коммуналдык чарба жана жашоо-тиричиликти камсыздоо тутуму башкармалыгынын иши жөнүндө”;

2010-жылдын 27-майындагы №183 “Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясынын иши жөнүндө маалымат”;

2011-жылдын 30-июнундагы №251 “Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулушу" муниципалдык ишканасынын иши жөнүндө маалымат”;

2011-жылдын 20-декабрындыгы №287 “2011-2012-жылдын жылуулук мезгилине карата Бишкек шаарынын коммуналдык ишканалардын даярдыгы жөнүндө”;

2011-жылдын 20-декабрындыгы №294 “Бишкек шаарынын мэриясынын соода, кызмат көрсөтүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо башкармалыгынын иш-аракети жөнүндө”;

2012-жылдын 25-апрелиндеги №304 “Бишкек шаарынын мэриясынын коммуналдык төлөмдөр борбору" муниципалдык ишканасынын ишинин натыйжалуулугу жөнүндө”;

2014-жылдын 18-февралындагы №68 “2013-2014-жылдары жылуулук мезгилинин өтүүсү жөнүндө”;

2015-жылдын 2-мартындагы №109 "Бишкек шаардык санитардык полигон" Муниципалдык ишканасынын абалы жөнүндө”;

2015-жылдын 30-июнундагы №148 “Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулуш" муниципалдык ишканасынын начальниги А. М. Атантаевге ишенбөөчүлүк көрсөтүү жөнүндө”;

2016-жылдын 23-мартындагы № 179 “Жашылкурулуш" муниципалдык ишкананын отчёту жөнүндө”;

2017-жылдын 9-июнундагы №17 “Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын жасаган иши жөнүндө отчету тууралуу”.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

 Бишкек шаардык кеңешинин токтомдорунун аткарылышына жетишсиз контролун көрсөтсүн;

 ченемдик укуктук базаны жакшыртуу боюнча сунуш киргизсин;

 Бишкек шаардык кеңешинин колдонуудагы токтомдорунун аткарылышы туралуу отчет берсин;

 белгиленген мөөнөттөрдө Бишкек шаардык кеңешинин токтомдорунун аткарылышы боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берсин.

3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине маалымат үчүн жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                         Ж. Б. Абиров