Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жүргүзүлгөн Бишкек шаардык кеңешинин токтомдорун инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык кеңеши Бишкек шаарынын мэриясында Бишкек шаардык кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдордун аткарылышын контролдоо боюнча ырааттуулуктун жоктугун,  аларды анализдөө жүргүзүлбөгөндүгүн жана кайталоону четтетүү жана Бишкек шаардык кеңешинин иштеп жаткан токтомдорун жаңы ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүү боюнча сунуш киргизилбегендигин белгилейт.

Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, мыйзамдарын жетекчиликке алып,  Бишкек шаардык кеңешинин азыркы токтомдорун инвентаризациялоонун жыйынтыктары боюнча, иштөө мөөнөттөрүн, ошондой Кыргыз Республикасынын  азыркы мыйзамынын өзгөргөндүгүн эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:

1997-жылдын 4-ноябрындагы №92 “Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн I Курултайын чакыруу тууралуу”;

1997-жылдын 29-декабрындагы №97 “Бишкек шаарынын уставын бекитүү жөнүндө”;

1998-жылдын 27-мартындагы №109 “Свердлов районунун административдик комиссиясынын курамы жөнүндө”;

1998-жылдын 27-мартындагы №110 “Биринчи май районунун административдик комиссиясынын курамы жөнүндө”;

1998-жылдын 23-декабрындагы №141 “Биринчи май району боюнча Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин административдик комиссиясынын курамы жөнүндө”;

2000-жылдын 21-апрелиндеги №24 “Коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын ишин уюштуруу боюнча Свердлов, Ленин, Биринчи май жана Октябрь райондук администрациялардын иши жөнүндө”;

2000-жылдын 5-июлундагы №36 “XXII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңештин депутаттарына шайлоочулардын наказдары жөнүндө”;

2000-жылдын 8-ноябрындагы №46 “XXIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңештин депутаттарына шайлоочулардын наказдары жөнүндө”;

2000-жылдын 29-ноябрындагы №12 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 2-августундагы “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунумындан ары өнүктүрүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу боюнча Биринчи май райондук администрациянын иши жөнүндө”;

2001-жылдын 23-январындагы №6 “Бишкек шаарынын коомчулугу кеңешинин уставын каттоо тартиби жөнүндө”;

2001-жылдын 10-октябрындагы №84 “Укук тартибин алдын алуу жана коомдук тартипти сактоону бекемдөө боюнча Коомчулук кеңешинин жана шаардан аксакалдар сотторунун биргелешкен ишин мындан ары өнүктүрүү жөнүндө”;

2002-жылдын 30-январындагы №99 “Бишкек шаардык кеңештин депутаттары тарабынан киргизилген наказдардын аткарылышынын жүрүшүжөнүндө”;

2002-жылдын 22-майындагы №124 “Биринчи май районунун кварталдарынын чектерин бекитүү жөнүндө”;

2002-жылдын 16-июлундагы №144 “Бишкек шаардык кеңештин депутаты А. А. Чотбаевди Кыргызстандын элдик укук коргоо лигасынын курамына сунуштоо жөнүндө”;

2002-жылдын 25-декабрындагы №62 “Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин аймактык депутаттык топтору тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 17-январындагы “Аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин мындан ары жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө”;

2003-жылдын 19-мартындагы №165 “Бишкек шаардык кеңештин депутаттары тарабынан киргизилген наказдардын аткарылышынын жүрүшүжөнүндө”;

2004-жылдын 7-апрелиндеги №221 “Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин сандык курамын жана Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешин шайлоо өткөрүү үчүн көп мандаттуу шайлоо округдарынын санын белгилөө жөнүндө”;

2004-жылдын 8-июлундагы №250 “Бишкек шаардык шайлоо комиссиясын түзүүжөнүндө”;

2004-жылдын 9-июлундагы №246 “Бишкек шаардык кеңештин 2002-жылдын 6-ноябрындагы №148 "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” мыйзамынын алкагында Бишкек шаарынын райондук администрацияларынын жана аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынынишин мындан ары жакшыртуу жөнүндө” токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө”;

2004-жылдын 9-июлундагы №247 “XXIV чакырылыштагы Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосун өткөрүү үчүн көп мандаттуу шайлоо округдарды түзүү жөнүндө”;

2004-жылдын 9-июлундагы №252 “Бишкек шаарынын өнүктүрүү декларациясын бекитүү жөнүндө”;

2004-жылдын 8-сентябрындагы №267 “Бишкек шаарында М. В. Фрунзенин 120 жылдыгын майрамдоо жөнүндө”;

2004-жылдын 1-ноябрындагы №1 “XXIV чакырылыштагы Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосунун жыйынтыктары жөнүндө”;

2004-жылдын 17-ноябрындагы №6 “Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин аймактык депутаттык топторунун сандык курамын бекитүү жөнүндө”;

2005-жылдын 11-апрелиндеги №24 “Биринчи май району боюнча Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин аймактык депутаттык тобунун жетекчиси жөнүндө”;

2005-жылдын 18-апрелиндеги №28 “Бишкек шаары боюнчаКыргыз Республикасынын Президентинин шайлоо боюнча райондук шайлоокомиссияларынын курамына саясий партиялардан талапкерлерди аныктоо боюнча чучук кулак өткөрүү жөнүндө”;

2005-жылдын 28-июлундагы №75 “Маалыматтык мейкиндикти түзүү, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин чагылдырууну камсыздоо боюнча Бишкек бирдиктүү маалыматтык борбордун иши жөнүндө”;

2006-жылдын 21-февралындагы №181 “XXIV чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына берилген шайлоочулардын наказдарынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө”;

2006-жылдын 10-июлундагы №217 “Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларына караштуу Бишкек шаарынын аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо боюнча сектордун иши жөнүндө”;

2006-жылдын 10-июлундагы №18 “Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматтык ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө”;

2006-жылдын 19-мартындагы №304 “2006-жылда дем берүүчү (үлүштүк)гранттардын эсебинен Бишкек шаарынын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоонун жыйынтыктары тууралуу Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун гранттык комиссиясынын отчету жөнүндө”;

2007-жылдын 1-февралындагы №351 “Кыргыз Республикасында референдум (бүткүл элдик добуш берүүнү) өткөрүү боюнча участкалык комиссияларды түзүү жөнүндө”;

2008-жылдын 10-июнундагы №450 “XXIV чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына берилген шайлоочулардын суроо-талаптарнын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө”;

2009-жылдын 29-сентябрындагы №96 «Бишкек шаардык кеңештин XXV чакырылыштагы депутаттарына шайлоочулардын суроо-талаптары жөнүндө»;

2011-жылдын 17-майындагы №224 «Бишкек шаардык кеңештин XXV чакырылышындагы депутаттарына берилген шайлоочулардын суроо-талаптарынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө»;

2012-жылдын 14-июнундагы № 322 «Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигинин 2010-2011-жылдар үчүн иш-аракети жөнүндө»;

2013-жылдын 27-июнундагы №39 «Бишкек шаардык кеңештин XXVI чакырылышынын депутаттары тарабынан берилген шайлоочулардын суроо-талаптары»;

2014-жылдын 30-июнундагы №94 “Бишкек шаардык кеңештин ХХVI чакырылышынын депутаттарына берилген шайлоочулардын сунуш-талаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө”;

2014-жылдын 24-декабрындагы № 105 “Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо үчүн талапкерлердин тизмесин түзүү жөнүндө”;

2015-жылдын 29-апрелиндеги № 121 “Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигинин 2014-жыл үчүн жасаган иши жөнүндө отчёту жөнүндө”;

2015-жылдын 30-июнундагы №149 “Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставынын долбоорун талкуулоо жөнүндө”;

2015-жылдын 11-августундагы № 152 “Бишкек шаарынын кошумча участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө”;

2015-жылдын 8-декабрындагы №157 “Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча комиссиясын түзүү жөнүндө”;

2017-жылдын 29-ноябрындагы №38 “2017-жылдын 9 айы үчүн Бишкек шаарынын Ленин административдик районунун башчысы Н. Р. Тынаевдин отчету жөнүндө”.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

а) Бишкек шаардык кеңешинин токтомдорунун аткарылышына жетишсиз контролду белгилесин;

б) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык ченемдик укуктук базаны жакшыртуу боюнча сунуш киргизсин.

3. Бишкек шаардык кеңешинин ушул токтому Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине маалымат үчүн жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                         Ж. Б. Абиров