Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 15–19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М. Д. Абылгазиевдин 2019-жылдын 24-июлундагы № 21-32323, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А. С. Омурбекованын 2019-жылдын 22-июлундагы № 21-32323, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 25-июлундагы № 12-1/7230 кайрылууларынын, 2019-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А. С. Омурбековада болгон кеңешменин жыйынтыгы боюнча «Газпром жалпы билим берүү мектеби жөнүндө» №21-34 (2019-жылдын 24-июлундагы №21-3191 чыгыш) протоколдук чечимдин негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан карала турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы «Газпром Кыргызстан мектеби» биргелешкен Россия-Кыргыз орто жалпы билим берүү мектебинин иш-аракеттеринин шарттары жөнүндө Өкмөт аралык макулдашуу долбоорун, «Газпром Кыргызстан мектеби» ЖЧКсынын бир нече жолку кайрылууларын эске алып, Бишкек шаардык кеңеш

                                            ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын мэриясы 3,0 га өлчөмүндөгү жер участогунда (идентификациялык номери 1-04-13-0033-0446) турган, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токомбаев көчөсү 23/11 (идентификациялык номери 1-04-13-0033-0446-01) дарегинде жайгашкан мүлктүк комплексти (мындан ары - «мүлктүк комплекс») Бишкек шаардык кеңештин 2002-жылдын 22-майындагы №127 токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобонун рыноктук ижара төлөмү менен ижарага берилүүчү Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттердин тизмегине (№ 3 Тизмеги) киргизсин.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы мүлктүк комплексти «Газпром Кыргызстан мектеби» коомдук фондусу коммерциялык эмес уюмуна тоорук өткөрүсүз, бекитилген ижара төлөмү менен билим берүү иш-аракетин уюштуруу үчүн 3 жылдык мөөнөткө ижарага өткөрүп берсин.
  3. Бишкек шаарынын мэриясы «Газпром Кыргызстан мектеби» коомдук фондусу коммерциялык эмес уюму менен ижара келишимин түзсүн жана Бишкек шаардык кеңеш менен макулдашсын.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэри А. Э. Суракматовго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                Ж. Б. Абиров

31.07.2019-ж.