Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын 2019-жылга бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 8 538 622,5 миң сом суммада бекитилсин, анын ичинде:

         4 699 350,7 миң сом - шаардык бюджет;

         1 012 285,6 миң сом - Ленин администрациялык районунун бюджети;

         939 796,3 миң сом - Октябрь администрациялык районунун бюджети;

         912 777,8 миң сом - Биринчи май администрациялык районунун бюджети;

         974 412,1 миң сом - Свердлов администрациялык районунун бюджети.

2. Бишкек шаарынын 2020-2021-жылдарга бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу жактырылсын:

         1) 2020-жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча болжол – 9 139 047,1 миң сом суммада, 2021-жылга – 9 798 327,1 миң сом суммада;

         2) 2020-2021-жылдарга жактырылган шаардын бюджетинин болжолдук параметрлери, аларды кабыл алууда ар бир конкреттүү мезгилде такталууга тийиш.

3. Бишкек шаарынын 2019-жылга бюджетинин киреше бөлүгү жана     2020 – 2021 - жылдарга болжолу 1, 1-1, 1-2, 1-3,1-4 тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.

4. Бишкек шаарынын 2019-жылга бюджетинен чыгашаларды жана    2020-2021-жылдарга болжолун каржылоого каражаттар 2, 2-1-тиркемелерге ылайык белгиленсин.

5. 2019-жылга чыгашаларды каржылоо накталай алынган кирешелердин чектеринде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. Мында, биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча (маяна, Кыргыз Республикасынын  Социалдык фондусуна төгүмдөр, медикаменттер, тамактандыруу, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпул, стипендиялар) чыгашаларды каржылоо жүргүзүлөт.

         Бюджеттик мекемелерде бош кызмат орундарынын пайда болушу, алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынуусу менен байланышкан корголгон статьяларга каралган суммалардын азайтылышына жол берилет.

       Каражаттын чыгымдалышы жана чыгаша статьяларынын максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт.

6. 2018-жылы жеткиликтүү каржыланбай калган чыгашалар 2019-жылга Бишкек шаарынын бюджети тарабынан каралган ассигнованиелердин эсебинен жана чектеринде компенсациялана тургандыгы белгиленсин.

 7. 2019-жылдын 1-январына карата Бишкек шаары боюнча жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча 600,0 миң сом суммада бекитилсин, анын ичинде шаардык бюджет боюнча 200,0 миң сом жана райондук бюджеттер боюнча 100,0 миң сомдон бекитилсин.

 8. 2019-жылга түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн төмөндөгүдөй ченеми бекитилсин:

     1) салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы, роялти, сатуудан салык, чакан ишкердик субъекттери үчүн бирдиктүү салык, патенттин негизиндеги салык, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө салык, жер салыгы, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча:

         - Ленин администрациялык районуна      -        47,0%;

         - Октябрь администрациялык районуна   -        45,6%;

         - Биринчи май администрациялык районуна -   21,1 %;

         - Свердлов администрациялык районуна -        42,7 %.

       2) ар кандай салыктар жана жыйымдар, калктуу конуштарда жер ижарасы жана мүлк ижарасы үчүн акы төлөмдөр жана мүлктү ижаралоо үчүн акы, Бишкек шаарынын ЭЭАсынан салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр - 100% шаардык бюджетке;

         3) Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык салынуучу айып пулдар боюнча административдик райондордун тийиштүү бюджетине 100% багытталсын.

9. Бюджеттик уюмдарга жана мекемелерге атайын каражаттарды казыначылык тутумунан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 100% тиешелүү бюджеттин кирешесине алынат.

10. Бюджеттик уюмдар жана муниципалдык ишканалар тарабынан максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган Бишкек шаарынын бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алууга жатат.

11. Ушул токтом менен бекитилген бюджеттик параметрлерди өзгөртүү зарыл болгондо, ага тиешелүү оңдоолорду кабыл алганга чейин Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу боюнча аткарылышы мүмкүн.

12. Бишкек шаарынын 2019-жылга бюджетинен каржылануучу мекемелер үчүн төмөндөгүлөр белгиленсин:

      1) жалпы билим берүү мектептеринин чарба башчыларына ай сайын айлык акыларына окуучулардын санына жараша 1 штаттык бирдик эсебинде 2800 сомго чейинки үстөк акы (100 окуучуга чейин – 450 сом, 100дөн 600гө чейин – 1000 сом, 600дөн 1200гө чейин – 1600 сом, 1200дөн 1800гө чейин – 2200 сом, 1800дөн жогору – 2800 сом);

         2) балдар музыкалык мектептердин жаш адистерине ай сайын 500 сом үстөк акы;

      3) карылар үйүнүн, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунун, «Коломто» муниципалдык мекемесинин жана «Ардагер» шаардык геронтологиялык борборунун, Зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борборунун кызматкерлеринин айлык акысына 1 кызматкерге ай сайын 1650 сом эсебинде үстөк акы;

         4) Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлеринин айлык акысына 1 кызматкерге ай сайын 4000 сом эсебинде үстөк акы;

      5) Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын үйлөмө аспап, симфониялык оркестрлеринин, элдик аспаптар оркестринин, «Семетей», «Доор», «Сувенир» ансамблдеринин, «Кыргыз руху» фольклордук ансамблинин жана «Акак» комузчулар ансамблинин кызматкерлеринин, Бишкек шаардык драмалык театрынын негизги жана инженердик - техникалык персоналынын айлык акысына 1 кызматкерге ай сайын 2500 сом эсебинде үстөк акы;

          6) билим берүү жана маданият уюмдарынын борборлоштурулган бухгалтерияларынын кызматкерлерине айлык акыга ай сайын 3000 сомдон үстөк акы;

         7) шаардык маанидеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине ай сайын айлык акыга төмөндөгүдөй үстөк акы:

         мэриянын, шаардык кеңештин жетекчилерине 1000 сомдон;

         материалдарды сактоо кызматынын кызматкерлерине 2000 сомдон;

шаардык бюджеттен каржылануучу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине жана кызматкерлерине, мэриянын, шаардык кеңештин башка кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгынын кызматкерлерине жана башкаруу органдарын тейлеген айдоочуларга 4000 сомдон;

муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлерине, жергиликтүү бюджеттин эсебинен күтүлүүчү Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын жергиликтүү жана салыктык эмес төлөмдөрдү контролдоо боюнча бөлүмүнүн начальнигинин орун басарына жана кызматкерлерине 3000 сомдон.

8) райондук маанидеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин айлык акысына төмөндөгүдөй ай сайын үстөк акы:

         администрациялык райондордун жетекчилерине 1000 сомдон;

райондук билим берүү борборлорунун, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын, финансы органдарынын жана муниципалдык администрациялардын аппаратынын, МСКБнын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен күтүлүүчү Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыктарынын (мындан ары- МСКБ) начальниктеринин орун басарларына 3000 сомдон;

9) райондук аскер комиссариаттарынын кенже тейлөөчү, техникалык жана аскердик - учеттук персоналдарынын айлык акыларына ай сайын 500 сомдон үстөк акы;

10) билим берүү, социалдык коргоо, маданият, спорт уюмдарынын башка кызматкерлеринин айлык акыларына 1 кызматкерге ай сайын 1000 сом эсебинде үстөк акы;

11) саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин айлык акыларына төмөндөгүдөй ай сайын үстөк акы:

         дарыгерлерге, орто жана башка персоналга бир ставкага 1000 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 1000 сомдон ашык эмес суммада;

         кенже медициналык персоналга бир ставкага 1500 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 1500 сомдон ашык эмес суммада;

Бишкек шаарынын тез медицина борборунун сутка бою иштеген оперативдүү бөлүмүнүн кызматкерлерине, чакырууга чыгуу бригадасынын фельдшерлерине жана санитарларына 1 кызматкерге 2500 сом эсебинде;

       тез кечиктирилгис жардам көрсөтүү кызматынын дарыгерлерине жана педиатр-дарыгерлерине, дарыгер-неонатологдорго, дарыгер-реаниматологдорго, дарыгер-анестезиологдорго, дарыгер-комбустиологдорго 1 кызматкерге 4000 сом эсебинде;

12) Билим берүү башкармалыгынын медициналык - педагогикалык комиссиясынын методисттеринин айлык акыларына 1 кызматкерге 1500 сом эсебинде ай сайын үстөк акы;

13) тез медицина автомашиналарынын айдоочуларынын айлык акыларына 1 кызматкерге 2000 сом эсебинде ай сайын үстөк акы.

         13. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен күнүнө тамактандырууга төмөндөгү ченемдер белгиленсин:

         1) мектепке чейинки билим берүү уюмдарында:

         3 жашка чейинки курактагы балдар үчүн - 29 сом,

         3 төн 7 жашка чейинки курактагы балдар үчүн - 30 сом;

         2) акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарында - 60 сом, балдар сутка бою болгон топтордо – 80,0 сом;

         3) кургак учук менен ооруган балдар үчүн бала бакчада - 95 сом;

         4) жалпы билим берүү уюмдарындагы жетим балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 5 - 7-класстагы балдары үчүн - 14 сом;

         5) жалпы билим берүү уюмдарындагы 1 - 4-класстардын балдары үчүн    - 14 сом;

         6)      жалпы билим берүү уюмдарындагы акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн - 28 сом;

         7)      Балдарды социалдык адаптациялоо борборунда, Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунда, «Айданек» жашы жете элек балдарды реинтеграциалоо борборунда, Октябрь районунун № 71 орто мектеп интернатындагы интернаттык топтордо жана № 1 гимназия - интернатында - 110 сом;

         8)      ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунда - 60 сом;

         9)      жатып калган оорулуулардын ысык тамагына - 60 сом;

         10)    белгилүү жашаган орду жок адамдарды тамактандырууга - 35 сом;

         11)    мектеп алдындагы лагерлердеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын тамактандырууга - 44 сом.

14.    Жергиликтүү бюджеттин эсебинен күнүнө медикаменттерге төмөнкү ченемдер белгиленсин:

        1)      Балдарды социалдык адаптациялоо борборунда, Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунда, «Айданек» жашы жете элек балдарды реинтеграциалоо борборунда 12,80 сомго чейин;

         2)      шаардык реабилитациялык борборунда мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн 0,55 сомго чейин;

         3)      белгилүү жашаган орду жок адамдар үчүн 12,50 сомго чейин.

15.    2019-жылга төмөнкү чыгашалар бекитилсин:

             1) жалпы билим берүү уюмдарында аскерге чакырууга чейин даярдык боюнча жетекчинин бир ставкасын күтүүгө;

         2) Бишкек шаарынын тез медицина борборунун «медициналык кызматкердин депозитине» 40,0 штаттык бирдикке бир дарыгерге айына 6000 сом эсебинде жана үч жыл иштеп бүткөндүгү боюнча бир орто медициналык кызматкерге ай сайын 5000 сом;

          3) Бишкек шаарынын жаңы конуштарында жана Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында, балдарга дарылоо алдын-ала жардам көрсөтүүнү камсыздоочу "Бишкек шаарынын врач-педиатрынын депозитине” үч жыл иштеп бүткөндүгү боюнча бир дарыгерге айына 5000 сом эсебинде;

             4) Биринчи май районунун «Коломто» муниципалдык мекемесин күтүүгө;

         5) Ленин, Октябрь администрациялык райондору боюнча 2 кечки жалпы билим берүү мектебин жана Свердлов администрациялык районунун №35 жана №94 жалпы билим берүүчү мектептеринин алдында кечки класстарды күтүүгө;

         6) SOS – Герман Гмайнер орто мектебинин, Бишкек шаарынын балдар айылынын SOS – бала бакчасынын чыгымдарын төлөөгө;

         7) «Сезим» кризистик борборунун, «Оберег» реабилитациялык борборунун, «Рука в руке» аутист балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесинин чыгымдарын төлөөгө;

         8) Бишкек шаарынын согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлер жана оорук эмгекчилер кеңешинин чыгымдарын төлөөгө;

         9) зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борборун күтүүгө;

       10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы №336 «Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» токтому менен бекитилген типтүү штаттардан сырткары киргизилген кошумча штаттык бирдиктерди, 3-тиркемеге ылайык 589,25 штаттык бирдик санында кызмат орундарын күтүүгө;

    11) Бишкек шаарын жана жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүгө, ошондой эле шаардык жана аймактык маанидеги объекттерди (социалдык, коомдук, коммуналдык, инженердик инфраструктуралар, тургундардын жалпы үлүштүк менчиктерин) түзүүгө, өнүктүрүүгө, калыбына келтирүүгө жана реабилитациялоого жана жергиликтүү коомчулуктун өз алдынча башкаруусунун ар түрдүү формаларын өнүктүрүүгө, алардын коомдук активдүүлүгүн жогорулатууга жана коммуналдык жана башка  жашоо тиричилик маселелерин өз алдынча чечүүгө жөндөмдүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө колдоо көрсөтүүгө багытталган дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды берүүгө;

         12)    «Мурас-Ордо» конушунун балдарын Аламүдүн районунун Степное айылынын «Келечек» мектебине ташууну уюштурууга;

         13)    Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринде «Жаш мугалим депозити» программасын ишке ашырууга;

         14)    Октябрь администрациялык районунун №34 адистештирилген көмөкчү мектебиндеги акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн узартылган күн топторуна тарбиячылардын 5,0 ставкасын күтүүгө;

         15)    карыздарын төлөөгө жана милдеттенмелерин аткарууга шаардык бюджеттен Бишкек шаарынын административдик райондоруна өткөрүп берилүүчү каражаттар боюнча;

         16)    балансында кезметтик (кызматтык) автомашиналары жок муниципалдык аймактык башкармалыктарга айына 100 литрден бензин сатып алууга;

         17) райондордун муниципалдык аймактык башкармалыктарынын балансында турган жүк ташуучу автомашиналардын айдоочуларын күтүүгө;

         18)    райондук МСКБнын начальниктеринин орун басарларын, райондук МСКБнын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча бөлүмдөрүнүн 60,0 штаттык бирдигин, Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча МСКБнын начальнигинин орун басарын жана Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча ИСТК МСКБнын жергиликтүү жана салыктык эмес төлөмдөрдү контролдоо боюнча бөлүмүнүн 5,0 штаттык бирдигин күтүүгө.

         19) зыяндуу жумуш шарты менен иш үчүн айлык акысына карата 25 пайыз өлчөмүндө үстөк акы төлөөгө;

         20) Бишкек шаарынын муниципалдык кызматчыларына квартал сайын сыйлык акы төлөөгө.

16. Кварталдык, үй комитеттеринин жана аксакалдар сотторунун төрагаларына келишимдик негизде 4-тиркемеге ылайык ай сайын акы төлөө белгиленсин.

17. Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө келишимдик негизде квартал сайын 250 сомдон акы төлөө белгиленсин.

18. «Алга-Бишкек футбол клубу» муниципалдык мекемесинин футболчуларына келишимдик негизде ай сайын стипендия белгиленсин.

19. 5-тиркемеге ылайык, «Алга-Бишкек футбол клубу» муниципалдык мекемесинин кызматкерлерине кызматтык маяна белгиленсин.

20. 6-тиркемеге ылайык, “Алтын-Булак пансионаты” муниципалдык мекемесинин кызматкерлерине кызматтык маяна белгиленсин.

21. 2018-жылы чыгашалардан ашкан кирешелердин эсебинен 403 525,2 миң сом суммасындагы чыгашаларды 7-тиркемеге ылайык багыттоого уруксат берилсин.

22. Бюджеттик мекемелердин жылдын башталышына карата атайын каражаттарынын калдыгынын чыгашаларын багыттоо, 8-тиркемеге ылайык бекитилсин.

23. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, аппараттардын, өз алдынча бөлүмдөрдүн жана башка мекемелердин кызматкерлерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен сыйлык акы берүү жана кызматтык эмгек акыларын жана аларга үстөк акыларды белгилөө укугу Бишкек шаарынын мэринде сакталсын.

24. Бишкек шаарынын мэриясы:

1) 2019-жылда “Бишкекжылуулукэнерго” КИси жана Бишкек ЭЭЗнын ведомстволук отканасы боюнча калкка жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо муктаждыктарына берилүүчү жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыккан республикалык бюджеттен максаттуу трансферт түрүндөгү чыгымдарды компенсациялоо маселесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен иштеп чыксын. Иштин жыйынтыгы боюнча 2019-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө маалымат киргизсин;

2) Кыргыз Республикасынын социалдык фонду жана Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык коргоо министрлиги менен коомдук транспортто жүрүүдө Бишкек шаарынын аймагында жашаган пенсионерлер жана ден соолугу чектелген жактар үчүн жеңилдиктерди берүүнүн натыйжасында келип чыккан 2019-жыл үчүн чыгымдарды компенсациялоо жөнүндө маселени иштеп чыксын. Иштин жыйынтыгы боюнча 2019-жылдын 1-июнуна чейин маалымат киргизсин;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Бишкек шаарынын аймагындагы профессионалдуу спорт мекемелерин жана уюмдарын каржылоо жаатындагы функцияларын чектөө жөнүндө маселе боюнча тийиштүү ишти жүргүзсүн;

4) Бишкек шаарынын массалык спортту жана дене тарбияны өнүктүрүү концепциясын иштеп чыксын жана киргизсин;

5) Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттик жөлөк пулдарды төлөө функцияларды жүзөгө ашыруу маселеси жана алардын аткарылышы менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоо маселеси боюнча ишти жүргүзсүн;

6) Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлиги менен №1 жана №71 интернат тибиндеги 2 мектепти республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүп берүү жөнүндө маселе боюнча иш жүргүзсүн;

7) административдик райондордун жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын ишин функционалдык анализ жүргүзсүн жана 2019-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө алардын ишин оптимизациялоо боюнча сунуш киргизсин;

8) үй жана кварталдык комитеттердин төрагаларынын ишине жана укуктук негизине анализ жүргүзсүн, төлөм жүргүзүлө турган кызматтардын конкреттүү түрүн көрсөтүү менен типтүү келишим иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин кароосуна 2019-жылдын 1-июнуна чейин киргизсин;

9) Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканалардын чарбалык эсептеги ишине, кирешенин эсебинен Бишкек шаарынын бюджетин толтурууга багытталган, анализ жана эффективдүүлүгүнүн аудитин 2019-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө жүргүзсүн жана мындан ары өнүктүрүү жана жогорулатуу боюнча сунушту Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизсин;

10) “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруудан, ошондой эле Бишкек шаарынын аймагында токтотмолорду уюштуруудан жана тартипке келтирүүдөн түшүүлөр жаатында эсепти жүргүзсүн жана 2019-жылга Бишкек шаарынын бюджетине корректировка киргизсин;

11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген методикага ылайык муниципалдык бөлүмдөрдүн жана башкармалыктарынын программалык бюджеттөөгө өтүү графигин киргизсин.

26. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Ж. Б. Абировго жана Бишкек шаарынын мэри  А. Э. Суракматовго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                Ж. Б. Абиров

- 2019-жылдын бюдетине бекитилген тиркемелер (xlxs. 144Кб)