Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Бишкек шаардык кеңештин регламентине ылайык, 2018-жылы үчүн “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынын жасаган иши тууралуу отчетун угуп чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2018-жылы үчүн “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынын жасаган иши тууралуу отчету “канааттандыраарлык” деп табылсын.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы квартал сайын “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынын иши жана Бишкек шаарынын транспорт чөйрөсүнө тийиштүү Бишкек шаардык кеңештин токтомдорун аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө Бишкек шаардык кеңештин турак-жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, тарнспорт, коммуникациялар жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясын маалымдасын.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына (Салымбеков Ж. М.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А. Э. Алымкуловго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы            Ж. Б. Абиров