Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңештин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 82 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын жетекчилеринин отчетторун угуу графигин бекитүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
“ Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибине 2019-жылдын ичинде үч отчеттон кем эмес киргизилсин.
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри, тейлеген вице-мэрлери, администрациялык райондордун башчылары угулсун.”.
- Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 82 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын жетекчилеринин отчетторун угуу графигин бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 3-тилке (“Дата”) алынып салынсын.
б) 4-тилкеде (“Жооптуулар”) көрсөтүлгөн жооптуу жактардын аты-жөндөрү “тейлеген вице-мэрлер” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Ж. Б. Абиров