2018-ж. 11-декабрь
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, жаңы коалициялык макулдашууну эске алып, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- XXVII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары жана төрагаларынын орун басарлары тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Бишкек шаарынын мэриясына Бишкек шаардык кеӊештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын иштөөсү үчүн иш бөлмө тапсын.
- Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 6-февралындагы №53 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Ж. Б. Абиров
Бишкек шаардык кеңештин
2018-жылдын “__” ________
№ _____ токтомуна тиркеме
XXVII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары жана төрагаларынын орун басарлары
1. Регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссия:
Төрагасы – Досалиев Э. А.;
Төраганын орун басары – Лисниченко В. М.
2. Бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссия:
Төрагасы – Кулматова Н. А. («Кыргызстан» фракциясынын чечими боюнча);
Төраганын орун басары – Докенов Э. Ш. (бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын жана көпчүлүк фракциялар коалициясынын чечими боюнча).
3. Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия:
Төрагасы – Сыдыков Э. М.;
Төраганын орун басары – Апсатар уулу Айжигит.
4. Муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектурабоюнча туруктуу комиссия:
Төрагасы – Абдраев Б. К.;
Төраганын орун басары – Акылбеков А. А.
5. Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссия:
Төрагасы – Салымбеков Ж. М.;
Төраганын орун басары – Исмаилов С. А.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссия
Төрагасы – Жумалиев Ч. З.;
Төраганын орун басары – Алымов Ж. Ж.
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси М. Дж. Алымбеков