2018-ж. 20-сентябрь
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы А. М. Кененбаевден келип түшкөн арыздын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамын жана Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Муканович Кененбаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
- Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 11-декабрындагы №47 “Бишкек шаардык кеңештин төрагасын шайлоо жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Бишкек шаардык кенештин төрагасынын милдетин аткаруучу Э. М. Сыдыков