Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, жаңы коалициялык макулдашууну эске алып, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- XXVII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары жана төрагаларынын орун басарлары тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Бишкек шаарынын мэриясына Бишкек шаардык кеӊештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын иштөөсү үчүн иш бөлмө тапсын.
- Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 6-февралындагы №53 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Төрага Ж. Б. Абиров