Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктарынын маанилүүлүгүн жогорулатуу, дизайнын жаңылатуу жана формасын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамын, Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 29-ноябрындагы №37 “Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктары жөнүндө”  токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) “Бишкек шаардык кеңештин ыраазычылык каты жөнүндө” жобонун 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: “Бишкек шаардык кеңештин ыраазычылык каты  А4 форматындагы (300х210 өлчөмүндөгү) ак түстөгү катуу жылтырак баракка (кошумча баракка)  жол-жоболоштурулат. Барактын жогорку жана төмөнкү бөлүгүндө кагаздын жогорку жана төмөнкү четтеринен 7 жана 5 мм аралыкта кочкул-көк түстөгү кыргыз элдик оймо салтындагы орнамент  жайгашкан.

Барактын ортосунан оймодон төмөнүрөөк, барактын жогорку четинен 25 мм аралыкта көгүш түстөгү, 19 ммх34 мм өлчөмдөгү Бишкек шаарынын герби жайгашкан, гербден төмөнүрөөк, 2 мм өлчөмүндөгү “Times New Roman” шрифти менен, лентада баш тамгалар мененак түстө “БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШ”, “БИШКЕКСКИЙ ГОРОДСКОЙ КЕНЕШ” дегенжазуу жайгашкан.

Ортодон төмөнүрөөк 2 сапта, баш тамгалар менен, 8 мм өлчөмдөгү, “Times New Roman” шрифти менен көгүш түстө “ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ” же “БЛАГОДАРСТВЕННОЕ ПИСЬМО” деген сөздөр жайгаштырылат, андан ары барактын ортосуна баш тамгалар менен,тексттен төмөнүрөөк 8 мм өлчөмдөгү “Times New Roman” шрифти менен сыйлануучунун аты - жөнү, төмөнүрөөк кара түстө 4 мм өлчөмдөгү “Times New Roman” шрифти менен сыйлоо үчүн негизди көрсөтүү менен текст мамлекеттик жана расмий тилдерде көрсөтүлөт. Төмөнүрөөк кол коюу үчүн орун калтыруу менен, Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын аты-жөнүжазылат, андан арыбарактын оң бурчуна кара түстөгү, 4 мм өлчөмдөгү “Times New Roman” шрифти мененберилген жылы көрсөтүлөт.

Ыраазычылык каттын барагы (кошумча барагы) жабылган түрдө 455 х 310 мм өлчөмдө кочкул-көк баркыт материал менен капталган катуу картондон жасалган папкага салынат.

Баркыт папканын бет жагында сол жана оң тарабына улуттук орнамент түшүрүлгөн. Жогору жактан 70 мм аралыкта ортодо 50мм х 92 мм өлчөмдөгү жылтырак түстө Бишкек шаарынын гербинин рельефдүү сүрөтү жайгаштырылган.

Барак папканын ички бетинин сол жагында барактын жогорку жана төмөнкү четтеринен 7жана 5 мм аралыкта кочкул-көк түстө кыргыз элдик оймо салтындагыорнаменти жайгаштырылат.

Ортодон төмөнүрөөк 5 мм өлчөмдөгү, “Times New Roman” шрифти менен, кара түстөгү баш тамгалар менен “БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШ” деген сөздөр жайгашат. Ортодон төмөнүрөөк Бишкек шаарынын мэриясынын фасадынын сүрөттөлүшү жайгашат, анын астына ортодо кара түстөгү баш тамгалар менен “БИШКЕКСКИЙ ГОРОДСКОЙ КЕНЕШ” деген сөздөр жайгашат.

Баркыт папканын ички бетинин оң бөлүгүндө баракты (кошумча баракты) бекитүү үчүн лента жайгашкан.”.

 

2) “Бишкек шаардык кеңештин Ардак грамотасы жөнүндө” жобонун 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: “Бишкек шаардык кеңештин Ардак грамотасы  кочкул-кызыл түстөгү, кагаздын жогорку жана төмөнкү четтеринен 7 жана 5 мм аралыкта жайгашкан барактын жогорку жана төмөнкү бөлүгүндө кыргыз элдик оймо салтындагы  орнамент менен кооздолгон, А4 форматындагы (300х210 өлчөмүндөгү) ак түстөгү катуу жылтырак баракка ( кошумча баракка)  жол-жоболоштурулат.

Барактын (кошумча барактын) жогору бөлүгүндө ортодо мамлекеттик тилде,кара түстөгү 4 мм өлчөмдөгү “Times New Roman” шрифти менен сыйлоо үчүн негизди көрсөтүү менен текст жайгаштырылат, ортодон төмөнүрөөк кара түстөгү 10 мм өлчөмдөгү, “Times New Roman” шрифти менен сыйлануучунун аты-жөнүкөрсөтүлөт, андан арыортодо 2 сапта кызыл түстөгү баш тамгалар менен, 5 мм өлчөмдөгү, “Times New Roman” шрифти менен “БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН АРДАК ГРАМОТАСЫ” деген сөз жайгаштырылат, төмөнүрөөк кара түстөгү 4 мм өлчөмдөгү “Times New Roman” шрифти менен“менен сыйлансын” деген сөздөр жазылат. Жогоруда аталгандар барактын (кошумча барактын) ортосуна жайгаштырылат. Андан ары барактын ортосуна экиүзүк сызык жана алардын ортосунда бир өңдүүсайма түрүндөгү орнамент жайгашат. Барактын (кошумча барактын) экинчи жарымында, орнаменттен кийин, ортодо 2 сапта расмий тилде текст жайгашат, кызыл түстөгү баш тамгалар менен, 5 мм өлчөмдөгү, “Times New Roman” шрифти менен “ПОЧЕТНОЙ ГРАМОТОЙ БИШКЕКСКОГО ГОРОДСКОГО КЕНЕША” деген сөз жайгаштырылат, төмөнүрөөк кара түстөгү 4 мм өлчөмдөгү “Times New Roman” шрифти менен“награждается” деген сөздөр жазылат, андан ары барактын ортосуна баш тамгалар менен,тексттен төмөнүрөөк 8 мм өлчөмдөгү “Times New Roman” шрифти менен сыйлануучунун аты - жөнү, төмөнүрөөк кара түстө 4 мм өлчөмдөгү “Times New Roman” шрифти менен сыйлоо үчүн негизди көрсөтүү менен жазылат. Төмөнүрөөк “Бишкек шаардык кеңештин төрагасы” жана “Председатель Бишкекского городского кенеша” деген сөздөр жазылып, кол коюу үчүн орун калтыруу менен, Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын аты-жөнүжазылат, андан арыбарактын оң бурчуна кара түстөгү, 4 мм өлчөмдөгү “Times New Roman” шрифти мененберилген жылы көрсөтүлөт.

Ардак грамотанын барагы (кошумча барагы) жабылган түрдө – 455 х 310 мм өлчөмдө кочкул-кызыл баркыт материал менен капталган катуу картондон жасалган папкага салынат.

Баркыт папканын бет жагында сол жана оң тарабынан улуттук орнамент түшүрүлгөн, жогорку жагынан 70 мм аралыкта ортодо 50мм х 92 мм өлчөмдөгү жылтырак өңдөгү Бишкек шаарынын гербинин рельефдүү сүрөтү басылган.

Баркыт папканын ички бетинин сол бөлүгү барактын жогорку жана төмөнкү четтеринен 7жана 5 мм аралыкта жайгашкан кочкул-кызыл түстөгү кыргыз элдик оймо салтындагыорнамент кооздолгон. Барактын жогорку бөлүгүндөгү орнаменттен төмөнүрөөкортодобарактын жогорку четинен 25 мм аралыкта 19 мм х 34 мм өлчөмдө, көгүш түстөгү Бишкек шаарынын герби жайгашкан. Төмөнүрөөк ортодо кара түстөгү 5 мм өлчөмдөгү, “Times New Roman” шрифти менен баш тамгалар менен “БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШ” деген жазуу, төмөнүрөөк ортодоБишкек шаарынын мэриясынын имаратынын фасадынын сүрөттөлүшү жайгаштырылат.

Баркыт папканын ички бетинин оң бөлүгүндө баракты (кошумча баракты) бекитүү үчүн лента жайгашкан.”.

 

3) 3-пункт Бишкек шаардык кеңештин Күмүш төш белгиси менен сыйлоо тартибинин 3-пункту төмөнкү сөздөр менен толукталсын: “Күбөлүк төмөнкү параметрлерди камтыйт: жабылган түрдө 71 мм жана 101 мм өлчөмдү, ачылган түрдө 143 мм жана 101 мм өлчөмдү түзөт. 120гр/м3 тыгыздыктагы жылтырак кагаздан жасалат.

Күбөлүктүн ички бети көгүш түстө. Жогорку бөлүктөн 13 мм аралыкта, ортодо жылтылдаган түстөгү 20 мм х 35 мм өлчөмдөгү Бишкек шаарынын гербинин сүрөттөлүшү жайгашат. Төмөнүрөөк ортодо ак түстөгү кичинекей тамгалар менен, 4 мм өлчөмдөгү “Times New Roman” шрифти менен“КҮБӨЛҮК”, астына “УДОСТОВЕРЕНИЕ” деген сөздөр жазылат.

Күбөлүктүн ички бетинин оң жагында кара түстөгү баш тамгалар менен, 5 мм өлчөмдөгү “Times New Roman” шрифти менен “УДОСТОВЕРЕНИЕ”, төмөнүрөөк үч сапта сыйлануучунун аты –жөнү жайгашат. Төмөнүрөөк 2 мм өлчөмдөгү“Times New Roman” шрифти менен,кара түстө “Төрага” деген жазуу, Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын колу жана аты-жөнү үчүн орун жайгашат. Төмөнүрөөк буйруктун номери жана берилген датасы жазылат.

Күбөлүктүн ички бетинин сол жагында кара түстөгү баш тамгалар менен, 5 мм өлчөмдөгү, “Times New Roman” шрифти менен “БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШ”, “БИШКЕКСКИЙ ГОРОДСКОЙ КЕНЕШ” деген жазуулар 2 сапта жайгаштырылат. Ортодон төмөнүрөөк 20мм х 35 мм өлчөмдөгү көгүш түстө Бишкек шаарынын герби, андан ары, 3 мм өлчөмдөгү“Times New Roman” шрифти менен кара түстө “Күмүш төш белги” деген жазуужайгаштырылат.

 

  1.  

 

5) Бишкек шаардык кеңештин “Патриот” төш белгиси менен сыйлоо тартибинин 3-пункту төмөнкү сөздөр менен толукталсын: “Патриот” белгиси - алтын буусу жана эмаль менен капталган 925 сынамындагы күмүштөн жасалган белгилердин топтому.  Топтомго:  Бишкек шаарыны гербинин, Кыргыз Республикасынын гербинин, Кыргыз Республикасынын желегинин, түндүктүн сүрөтү түшүрүлгөн 4  белги кирет. Топтом күбөлүктү тиркөө менен атайын кутучага салынат. Кутунун ичинде белгилер үчүн астына койгучу бар.

Күбөлүк төмөнкү параметрлерди камтыйт: жабылган түрдө 71 мм жана 101 мм өлчөмдү, ачылган түрдө 143 мм жана 101 мм өлчөмдү түзөт. 120гр/м3 тыгыздыктагы жылтырак кагаздан жасалат.

Күбөлүктүн ички бети көгүш түстө. Жогорку бөлүктөн 13 мм аралыкта, ортодо жылтылдаган түстөгү 20 мм х 35 мм өлчөмдөгү Бишкек шаарынын гербинин сүрөттөлүшү жайгашат. Төмөнүрөөк ортодо ак түстөгү кичинекей тамгалар менен, 4 мм өлчөмдөгү, “Times New Roman” шрифти менен“КҮБӨЛҮК”, төмөнүрөөк - “УДОСТОВЕРЕНИЕ” деген сөздөр жазылат.

Күбөлүктүн ички бетинин сол жагында кара түстөгү баш тамгалар менен, 5 мм өлчөмдөгү, “Times New Roman” шрифти менен “БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШ”, “БИШКЕКСКИЙ ГОРОДСКОЙ КЕНЕШ” деген жазуулар 2 сапта жайгаштырылат. Ортодон төмөнүрөөк 20мм х 35 мм өлчөмдөгү көгүш түстө Бишкек шаарынын герби, андан ары, 3 мм өлчөмдөгү “Times New Roman” шрифти менен кара түстө “Патриот” белгиси” деген жазуужайгаштырылат.

Күбөлүктүн ички бетинин оң жагында кара түстөгү баш тамгаларменен, 5 мм өлчөмдөгү “Times New Roman” шрифти менен “КҮБӨЛҮК” деген жазуу, төмөнүрөөк үч сапта сыйлануучунун аты –жөнү жайгашат. Төмөнүрөөк 2 мм өлчөмдөгү, “Times New Roman” шрифти менен,кара түстө “Төрага” деген жазуу, Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын колу жана аты-жөнү үчүн орун жайгашат. Төмөнүрөөк буйруктун номери жана берилген датасы жазылат.

Күбөлүктүн ички бетинин сол жагында төмөнүрөөк кара түстөгү 5 мм өлчөмдөгү “Times New Roman” шрифти менен баш тамгалар менен “БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШ”, “БИШКЕКСКИЙ ГОРОДСКОЙ КЕНЕШ” деген сөздөр2 сапта баш тамгалар менен жайгашат. Ортодон төмөн көгүш түстөгү 20мм х 35 мм а өлчөмдөгү Бишкек шаарынын герби жайгашат, андан ары, 3 мм өлчөмдөгү,“Times New Roman” шрифти менен кара түстө “Патриот”белгиси” деген жазуужазылат.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик жана укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону Бишкек шаардык кеңештин  регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Ж. Б. Абиров