Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2018-жыл 31-май № 67

«Муниципалдык турак  жай  фонду,  аны берүү тартиби жана муниципалдык турак жай фондунун турак жайы үчүн акы өлчөмүн жана акы түзүмүн аныктоо жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

         1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

         “Муниципалдык турак жай фондун пайдалануу жана берүү тартиби жөнүндө” жобо 1-тиркемеге ылайык;

         муниципалдык турак жайды пайдалануу үчүн акы өлчөмүн аныктоо тартиби 2-тиркемеге ылайык.

      

         2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте:

         1) Бишкек шаардык кеңешке төмөнкүлөрдү киргизсин:

         үч айлык мөөнөттө жогоруда бекитилген жобо боюнча кошумча сунуштарды киргизсин;

         турак жай курулушун өнүктүрүү муниципалдык фондун түзүү боюнча сунуштарды;

         жарандардын укуктарын коргоо үчүн турак жай маселелери боюнча комиссияларды түзүү боюнча сунуштарды;

         2) муниципалдык кызматтык батирлерди ушул жобого ылайык келтирсин;

         3) макулдашуу комиссиясынын иш тартибинин долбоорун  иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешке киргизсин.

         3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

         4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шааркуруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (К. К. Конгантиев) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Р. К. Макеновго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык  кеңештин төрагасы                                                  А.М. Кененбаев

 

Приложения:

Муниципалдык турак жай фондун пайдалануу жана берүү тартиби жөнүндө жобо (docx, 36 Кб)

Муниципалдык турак жайды пайдалангандыгы үчүн акы өлчөмүн аныктоо тартиби (docx, 23 Кб)