Бишкек шаардык кеңештин 2016-жылдын 30-декабрындагы №3 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын, Бишкек шаардык кеңештин регламентинин 36-41 – пункттарын жетекчиликке алып, ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы”, “Республика-Ата Журт” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларынын лидерлеринин каттарынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамынан төмөнкүлөр чыгарылсын:
Регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиядан “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” фракциясынын мүчөсү – Усубалиев Эрмек Сыргакович;
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиядан “Республика-Ата Журт” фракциясынын мүчөсү - Шананов Алмаз Абылкасымович;
Муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиядан “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү- Сыдыков Эмил Мурзабекович.
- Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамдарына төмөнкүлөр киргизилсин:
Бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссияга “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” фракциясынын мүчөсү – Усубалиев Эрмек Сыргакович;
Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга “Республика-Ата Журт” фракциясынын мүчөсү - Жакышов Русланбек Шергазиевич;
Бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссияга “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү- Сыдыков Эмил Мурзабекович.
- Бишкек шаардык кеңештин 2016-жылдын 30-декабрындагы №3 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 1-пункттун 2-сабындагы “Усубалиев Эрмек Сыргакович-“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” фракциясынын мүчөсү” деген сөздөр алынып салынсын;
б) 4-пункттун 5-сабындагы “Сыдыков Эмил Мурзабекович -“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү” деген сөздөр алынып салынсын;
в) 6-пункттун 4-сабындагы “Шананов Алмаз Абылкасымович “Республика-Ата Журт” фракциясынын мүчөсү” деген сөздөр алынып салынсын;
г) 2-пункт төмөнкү мазмундагы 11-сап менен толукталсын:
“Усубалиев Эрмек Сыргакович-“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” фракциясынын мүчөсү”;
д) 2-пункт төмөнкү мазмундагы 11-сап менен толукталсын:
“Сыдыков Эмил Мурзабекович -“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү”;
е) 3-пункт төмөнкү мазмундагы 6-сап менен толукталсын:
“Жакышов Русланбек Шергазиевич”- “Республика-Ата Журт” фракциясынын мүчөсү”.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Төраганын милдетин аткаруучу В. М. Лисниченко